«АК РЕВОЛЮЦИЯ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:18, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

«АК РЕВОЛЮЦИЯ» – өлкөнү модернизация­лоо максатында Иран шахы Мохаммед Реза Пехлеви тарабынан жүргүзүлгөн реформалар. Реформалар өлкөнүн өнөр жайын, айыл чарбасын, билим берүү тармагын жана саламаттыкты сак­тоону өнүктүрүүгө багытталган. Иранда батыш жашоо мүнөзүн коомдук турмушка киргизүү аракеттери көрүлүп, аялдарга шайлоого каты­шуу укугу берилген. Реформалар Ирандын өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизип, мамлекеттин эсе­бинен көптөгөн жаңы шаарлар, өнөр жай иш­каналары курулган, билим берүү жана саламат­тык сактоонун жаңы системалары киргизилген. Бирок реформалар бардык тармактарда эле оң жыйынтык берген эмес. Агрардык өлкө болуп келген Ирандагы негизги товар өндүрүүчүлөр ­жер ээлеринин чарбаларын жоюунун натыйжа­сында мамлекет азык‑түлүк продукциясын им­порттоого муктаж болгон. Жаңыдан өсүп келат­кан өнөр жай тармагы тез темпте өсүп жаткан калктын таламдарын канааттандырууга жетиш­кен эмес. Өлкөдөгү коррупциянын жана автори­тардык башкаруунун күчөшү, нефтини сатуудан түшкөн зор каражаттардын уурдалышы, жу­мушсуздук жана шах сарайындагы эбегейсиз бай­гер жашоо элдин нааразылыгын күчөткөн. 70‑жылдардын аягында өлкөнү батыш жолу менен модер­низациялоого каршы болуп келген мусулман ди­ний башчылары жана либералдык‑демократиялык топ­тор шахтык режимге каршы оппозицияга би­ригишкен. Натыйжада 1979‑жылы Иран револю­циясы жеңип чыгып, шах Мохаммед Реза Пех­леви бийликтен баш тартууга жана өлкөнү таш­тап кетүүгө аргасыз болгон.
Ад.: Васильев Л. С. История Востока, т. 2. М., 1970; Новейшая история стран Азии и Африки XX век 1945‑2000. М., 2001.

                                                                                                                     А. Орозов.