«АЖАР» повести

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:44, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АЖАР» – кыргыз прозасындагы туңгуч по­весттердин бири. Автору К. Баялинов. Повесть 1928‑ж. жарык көргөн. Башкы каарманы Ажар аттуу жөнөкөй кыргыз кызы. Өткөн кылымдын 20-­жылдарында татар, казак, өзбек адабияттарынын таасири астында жаңыдан калыптана баштаган кыргыз жазма адабиятындагы негизги темалардын бири болгон кыз-келиндердин социалдык жактан тең­сиз турмушу чагылдырылган. Башкы тема – кара күчкө каршы куралдуу айбат көрсөтөм деп бөөдө кыргынга учурап, өз жеринен, тынч турмушу­нан ажыраган, бөтөн эл, бөтөн жерде катуу жапа чеккен кыргыз элинин трагедиясы, башкача айтканда, 1916­-жылдагы Улуу үркүндүн кейиштүү окуясы сүрөттөлөт. Ажардын карышкырларга таланып өлүшү азаптуу замандын ага көрсөткөн жазасы эле. Ал кезде кыргыз эли дуушар болгон гено­циддин (орус падышасынын тукум-курут кылуу саясатынын) эбегейсиз трагедиялуу окуялары көрсөтүлгөндүгү, нукура турмуштан алынган каармандардын кайгылуу тагдырлары, азаптан күйгөн сезимдери жөнөкөй жана жасалмасыз баяндалып берилгендиги менен айырмаланат. Повесть англис, немец, француз, испан жана орус тилдерине которулган.

И. Жумабаев.