АБАКИРОВ 3

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБАКИРОВ Барктабас (2. 5. 1933-жыл, Нарын облусу, Кочкор району, Төрткүл айылы - 26. 5. 2006-жыл, Бишкек шаары) – акын, журналист, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1983). Бишкек шаарындагы К. И. Скрябин атындагы Айыл чарба институтун (1955), Москва шаарындагы Жогорку партиялык мектептин журналистика бөлүмүн (1970) бүткөн. 1963-жылы «Советтик Кыргызстан», 1963-1968-жылдары райондук «Эмгек туусу», 1971-1980-жылдары облустук «Нарын правдасы» гезитинде башкы редактор, 1983-жылы «Кыргызстан» басмасында директор, 1987-жылы «Кыргызстан айыл чарбасы» журналында башкы редактор, 1987-жылдан Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинде жетектөөчү редактор болуп иштеген. 1961-жылы «Чаарчык» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы жарыкка чыккан. Ал «Сапар» (1965), «Тоо таңы» (1968), «Бийик жерде» (1970), «Нарын агат» (1973), «Жылдар барагы» (1978), «Күтүү» (1979), «Соң-Көл толкуну» (1982), «Элүүнчү жаз», «Жыр кесте» (1983), «Нарын күндөрү», «Арча бешик» (1985), «Өмүр кадамдары» (1989), «Манасчы Сагымбай» (1993), «Кыргыз үнү» (1997) аттуу китептердин автору. Лирикаларында, публицистикалык поэмаларында бийик жарандык пафос, терең социалдык мазмун ачык туюлат. Анын 200дөн ашык ырларына музыка жазылган. Китептери орус, казак тилдерине, көптөгөн ырлары дүйнө элдеринин тилдерине которулган. М. Ю. Лермонтов, С. Есенин, Р. Гамзатов, М. Турсун-Заде, Д. Кугультинов, Б. Степанюк, В. Бээкман ж. б. акындардын ырларын кыргызчага которгон. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

Ж. Медералиева.