БЕЙШЕКЕЕВ Намасбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:10, 30 Март (Жалган куран) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Калып:Инсан


Бүт өмүрүн  илим-билимге, жаш муундарга арнаган  Намасбек Бейшекеев   1932-жылы 20-майда Сары-Ѳзѳн Чүй, азыркы Ысык-Ата районунун Жетиген (Сын-Таш) айылында  туулган.

Кѳп жылдык илимий-педагогикалык ишмердиги мамлекет тарабынан бааланып, «Кыргыз ССРинин элге билим берүүсүнүн отличниги» төш белгиси (1981),  «Эмгек ветераны» медалы (1985), Кыргыз ССРинин Жогорку жана атайын орто билим берүү министрлигинин «Ардак грамотасы» (1987), Кыргыз ССРинин элге билим берүү министрлигинин «Ардак грамоталары» (1989, 1990), «Манас-1000» медалы (1995) менен сыйланып, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнѳ эмгек сиңирген кызматкер» (2000) наамына ээ болгон.

Н. Бейшекеев илим-изилдѳѳ иштери  багытында 40тан ашык илимий-методикалык эмгектерди жараткан библиограф, диалектолог, методист, лексикограф, дасыккан педагог катары республикабыздын илим чѳйрѳсүндѳ өз орду бар окумуштуу.


ПРОФЕССОР НАМАСБЕК БЕЙШЕКЕЕВДИН ЭМГЕК ЖОЛУ

  • 1939–1947-жылдары Киров атындагы жергиликтүү жети жылдык мектебинде  билим алган соң, Фрунзедеги (Бишкектеги) педагогикалык окуу жайына тапшырган.  
  • 1950-жылы  Талас областтык билим берүү бөлүмүнө жолдомо алат да, азыркы Кара-Буура (мурунку Киров) районуна караштуу Кѳк-Сай айлындагы  жети жылдык мектебине мугалим болуп орношот.
  • 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бѳлүмүнѳ тапшырып, аны 1957-жылы артыкчылык диплому  менен аяктаган.
  • 1957–1958-ж. Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтуна  улук лаборанттык кызматка алынган.
  • 1957-жылы «Мургабдык кыргыздарынын  лексикалык ѳзгѳчѳлүктѳрү боюнча материалдар» деген аталыштагы макаласын академиянын бараандуу илимий журналына жарыялаган. Ал макала анын тил илимине (диалектологияга) жасаган биринчи кадамы, илимпоз болом деген алгачкы  далалаты эле.
  • 1958-жылы КР УИАнын Тил жана адабият институтунун директору, академик И. А. Батманов Н. Бейшекеевди кенже илимий кызматкерлик орунга которот.
  • 1961-жылы илимпоздорго эң керектүү болгон «Кыргыз тили боюнча адабияттардын библиографиялык кѳрсѳткүчү: 1929–1959» деген  эмгегин жарыкка  чыгарат. Бул эмгек азыркы учурда да актуалдуулугун жогото элек.
  • 1961-жылы  КР УИАнын аспирантура бөлүмүнө тапшырат.
  • 1962-жылы Г. Бакинова, Э. Абдылдаев менен авторлошуп жазган «Ѳзбекстандагы кыргыздардын тилиндеги жергиликтүү ѳзгѳчѳлүктѳр»,  
  • 1964-жылы «Казакстандагы кыргыздардын тилдик ѳзгѳчѳлүктѳрү»  деген эмгектери жарыкка чыгат.
  • 1965-жылы академик И. А. Батмановдун жетекчилиги астында «Кыргызстандан тышкаркы кыргыз говорлору» деген темада филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн  диссертациясын ийгиликтүү коргойт.
  • 1965-жылы Кыргыз ССРинин элге билим берүү министрлиги атайын жолдомо  менен  азыркы Ош мамлекеттик университетине (мурдагы Ош мамлекеттик  педагогикалык институтуна) иштѳѳгѳ жиберет.
  • 1966–1968-ж. ж. жогоруда аталган институтта кыргыз тили жана адабият кафедрасында адегенде улук окутуучу, андан кийин кафедранын башчысы болуп эмгектенет.  
  • 1970–1971-ж. ж. аталган окуу жайдын башталгыч билим берүү методикасы кафедрасынын башчысы,
  • 1972–1991-ж. ж. ошол эле жерде кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти,  кафедра башчысы, жаңыдан уюшулган Кыргыз жана ѳзбек тилдери факультетинин деканынын милдетин аткаруучу, кыргыз тили кафедрасынын профессору кызмат орундарында иштейт. 27 жыл бою Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда эмгектенип, жогорку билимдүү кыргыз филологдорун даярдоого чоң салымын кошкон.
  • 1992–93-окуу жылында Бишкектеги Тилдер жана гуманитардык илимдер мамлекеттик институтунда (азыркы К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети) кыргыз тилинин практикалык курсу, кыргыз тили кафедраларында, профессорлук кызматта ѳмүрүнүн аягына чейин (2001-ж.) үзүрлүү  эмгектенди.
Илимий эмгектеринен:
  • 1. Илим чѳйрѳсүндѳ авторитети чоң «Труды ИЯЛ АН Киргизской ССР» жана «Известия АН Киргизской ССР» журналдарына жарыялаган «Мургабдык кыргыздардын лексикалык ѳзгѳчѳлүктѳрү боюнча материалдар» (1957), «Мургабдык кыргыздардын тилиндеги фонетикалык ѳзгѳчѳлүктѳр» (1964) деген  макалаларында Тажикстандын Мургаб аймагындагы кыргыздардын тилдик ѳзгѳчѳлүктѳрү тууралуу диалектологиялык жагдайдан мүнѳздѳмѳ берилген.  
  • 2. «Казакстандык кыргыздардын тилдик ѳзгѳчѳлүктѳрү» (1964).
  • 3. «Ѳзбекстандагы кыргыздардын тилдик ѳзгѳчѳлүктѳрү» (1962) деген Г. Бакинова, Э. Абдулдаев менен  чогуу жазган китептин  грамматика бѳлүмүн Н. Бейшекеев жазган.
  • 4. «Кыргыз тили. Библиографиялык кѳрсѳткүч 1960–1970-ж. ж». Бул китеп ушундай аталышта 1961-жылы чыккан «Кыргыз тили. Библиографиялык кѳрсѳткүч» деген эмгектин логикалык уландысы, т. а., кыргыз тили боюнча 1929-жылдан 1970-жылдар аралыгында чыккан эмгектердин библиографиялык кѳрсѳткүчү болуп эсептелет.
  • 5. Азыркы кыргыз тилинин фонетикасы боюнча окуу-методикалык колдонмо (Ж. Мамытов менен авторлош). - Фрунзе, 1987.
  • 6. Азыркы кыргыз тили боюнча практикум (пунктуация). - Бишкек, 1995.
  • 7. Орусча-кыргызча сѳздүк. - Бишкек, 2004.
  • 8. Кыргызча-орусча сөздүк. - Бишкек, 2015.  
  • 9. Тандалмалар.- Бишкек, 2017.
  • 10. Азыркы кыргыз тилинин синтаксиси жана пунктуациясы. - Бишкек,               2023-ж.

Намасбек Бейшекеевдин жогоруда кыскача айтылган өрнөктүү өмүр жолу жана анын кыргыз тил илимине, жалпы эле кыргыз филологиясына кошкон салымы, т. а. жасап кеткен орчундуу илимий эмгектери жана келечек муунду тарбиялоодо, билим берүүдөгү салымы агайдын дагы бир ирет алгачкы библиограф, мыкты диалектолог-практик окумуштуу катары алдына адам салдырбаган инсан болгон десек жаңылышпайбыз.


Шакирттери

Мындан сырткары окумуштуу, илимпоз катары мыкты шакирттерди таптай алды. Мисал катары, филология илимдеринин доктору, профессор  Искендерова Суусар, белгилүү түрколог, филология илимдеринин кандидаты, профессор К. Коңкобаев  сыяктуу шакирттерин айтсак болот.

Үй-бүлөсү

Үй-бүлөдө агай сүйүктүү өмүрлүк жолдош болгон жана 4 кыз, 2 уулга сүйкүмдүү камкор ата, ошондой эле 22 неберенин  чоң атасы жана таятасы катары үлгү боло алды.

Өмүрлүк жолдошу Бейшекеева Апал Төлөнбаевна менен 33 жыл бирге өмүр сүрүштү.

Уулдары:

Бейшекеев Мекен – «Манас» аэропортунун кызматкери;

Бейшекеев Медет – жеке ишкер.

Кыздары:

Бейшекеева Максат – Бишкек хореографиялык окуу жайында орус тили мугалими;

Бейшекеева Гүлзат – Таш-Көмүр шаарындагы Гидроэлектростанциясында Кадрлар бөлүмүнүн кызматкери;

Бейшекеева Мирзат – Кант районунун Ивановка айылындагы мектепте химия-биология боюнча мугалими;

Бейшекеева Нурзат – «Билим жолу» менчик мектебинде араб тили мугалими катары эл кызматында болуп, учурда үзүрлүү эмгектенип жатышат.