АВТОПОРТРЕТ
Jump to navigation
Jump to search
(авто... ж-а портрет ) ‒ сүрөтчүнүн күзгүгө каранып, өзүн өзү тарткан сүрөтү. Портрет жанрынын өзгөчө түрү катары 16-к-да Кайра жаралуу доорунда (Рафаэль,
А. Дюрер) калыптанган. Андагы салтты кийинки доорлордун ири сүрөтчүлөрү (Рембрандт, Ван Рейн, М. А. Врубель ж. б.) өрчүтүштү. Кыргыз иск-восунда Г. Айтиев, С. Чуйков, С. Акылбеков, А. Усубалиев ж. б. кылкалем чеберлеринин А-тери белгилүү.