АКАЕВ АСКАР АКАЕВИЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
05:50, 27 Февраль (Бирдин айы) 2023 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(1944), техник илимдеринин доктору (1981), профессор (1983), КР УИАнын академиги (1987)

Кыргыз. Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл Байрак айылында туулган. 1968-жылы Ленинграддагы так механик жана оптик институтун (ЛИТМО), ошол эле институттун аспирантурасын 1972-ж.аяктаган. ЛИТМОдо инженер, улук илимий кызматкер, окутуучу болуп иштеген. Андан кийин Фрунзедеги политехник институтунда доцент, кафедра башчысы болуп эмгектенген. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинде бөлүм башчы, Кырг.ССРинин ИА вицепрезиденти, президенти, ал эми 1990-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Президенти. Илимий багыты кванттык электроник, голограф жана маалыматтарды оптик жолу менен иштетүү. Нью-Йорк, Ислам жана бир нече чет мамлекеттердин академияларынын академиги. Москва ж.б. университеттердин ардактуу профессору Кырг.ССРнин илим жана техника жагынан Ленин комсомолу (1977), Ж.Неру атындагы Эл Аралык биримдүүлүк фондусунун (1995), «Дүйнөдөгү түрк тилдүүлөрдү жакындаштыруу эмгеги» аттуу (1999) эл аралык сыйлыктарынын лауреаты. «Латын Америка биримдүүлүгүнүн Ассоциасынын Чоң крест» ордени менен сыйланган. КР Маалымат Байланыш Техноложилер (МБТ) кеңешинин төрагасы. 200 дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 16 монографиянын ээси. Анын жетекчилиги менен 3 докторлук, 29 кандидаттык диссертациялар корголгон.


АКАЕВ АСКАР АКАЕВИЧ.jpg