Тармактык Энциклопедия:CD-ROM ТЕЙЛЕГИЧИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:24, 4 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

CD-ROM ТЕЙЛГИЧИ. CD-ROM оптик эсти алып жүрөт жана 650 МБ өлчөмүндөгү берилиштерди сактай алат. Көлөмү чоң болгондуктан көп сандагы график, аудио- жана видео файлдарын камтыган мультимедиа колдонмолорун сактоочу жана таратуучу мыкты каражат катары кеңири таралган. CD-ROM тейлегичтери азыркы учурда компьютердик системалардын стандарттуу жабдууларына кирет. CD-ROM тейлегичинин ылдамдыгы бул системанын өзгөчөлүк белгиси болуп саналат. Ылдамдыгы канча жогору болгон CD-ROM тейлегичтери видеону ошончо жакшы көрсөтөт. CD-ROM тейлегичтеринин жай кыймылдагандары төмөнкү сапаттагы видео сигналдарды чыгарат.


CD-ROM ТЕЙЛЕГИЧИ.jpg