АВТОМАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:18, 17 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (гр. automatos ‒ өзү аракетке келүүчү) т е х н и к а д а ‒ өзү аракеттенүүчү түзүлмө. Ал эки түшүнүктө каралат: 1) материалды, энергияны, информацияны кабыл алуу, өзгөртүү ж-а пайдалануу процесстерин берилген программа б-ча адамды түздөн-түз катыштырбай аткаруучу механизмдер м-н түзүлмөлөрдүн (электрондук, электрдик, пневматикалык, гидравликалык) системасы; 2) кибернетикада дискреттүү (санариптик) информацияны кайра иштетүүчү түзүлмөнүн (процесстин) матем. үлгүсү. Анын түрү көп (мис., аныкталган, ыктымалдык, комбинациялык, Милли, Мур ж. б.). А. технол., энергетикалык, транспорттук, турмуш-тиричиликке керектелүүчү, эсептөөчү ж-а эсептеп чыгаруучу, аскердик болуп бөлүнөт. А-тын айрым түрү (жөнөкөй, мех. оюнчук) байыркы доордо эле жасалган. Пружиналуу (П. Хенлейн, Германия, 16-к.) ж-а маятниктүү (X. Гюйгенс, Голландия, 1657) сааттын пайда болушу мех. А-тардын өркүндөшүнө түрткү берген. 18‒19-к-дагы өндүрүштүн өркүндөшү, эмгек куралына, адамга коюлган талаптардын жогорулашы А-тарды өндүрүштө пайдаланууга алып келген. Электр техникасы нын өнүгүшү (электрдик байланышта, транспортто, аскер ишинде, өнөр жайда колдонулушу) электрдик А-тардын негизин түзгөн ачылыштарга, ойлоп табууларга жол ачкан. 20-к-да илим ж-а техниканын өсүшү электрондук А-тарды түзүүгө мүмкүндүк берген. Ал кандайдыр ишти аткаруучу механизмден текшерүү, эсөптөө, жөндөө, башкаруу милдеттерин аткарган татаал А-тык түзүлмөгө айланган. Пайдаланылган энергиянын түрүнө жараша А-тар мех., гидравликалык, пневматикалык, электрдик (электрондук), комплекстүү (пневмоэлектрдик) болуп бөлүнөт. Азыркы А-тар энергия ж-а материалдардан тышкары информацияны кабыл алып, өзгөртүп, иштеп чыгат, б. а. А-тын иштеши үчүн информация чоӊ мааниге ээ. 20-к-дын ортосунан баштап адамдын айрым акыл эмгегин алмаштыруучу А-тар (маалыматтарды шифрлөө, шифр чечмелөө, бөлүштүргүч, сорттогуч) пайда болгон. Бир түрдөгү, өтө коркунучтуу, зыяндуу же эмгекти көп талап кылган жумуштарды аткарууда роботтоштуруу улам көп колдонулууда. Азыркы күндө көп процесстер толук автоматташтырылган, машине ж-а операциялар компьютер м-н башкарылып жатат.
Ад.: Логика. Автоматы. Алгоритмы. М., 1963.