АЛИЕВ Осмонкул

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Осмонкул Эгембаевич (1903, Чүй обл., Панфилов р-ну, Чолок-Арык айылы ‒ 1938, Бишкек) ‒ мамл. жана саясий ишмер. Жерг. орус-тузем мектебин (1916), Олуя-Атадагы (азыркы Тараз) реалдуу (табият илимдер) окуу жайын (1917), Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу ин-тун (1922), Москвадагы Свердлов атн. Коммунисттик ун-тин (1930) бүтүргөн. Казак-кыргыз ун-тинде окуп жүрүп, ошол эле учурда комсомолдун Ташкент шааркомунда бөлүм башчы болуп иштеп турган. 1922‒24-ж. комсомолдун Сыр-Дарыя обл., Олуя-Ата шаардык, РКСМ Кыргыз обкомунда жооптуу кызматтарда, 1924-ж. Кыргыз обкомунун 1-секретары, РКП(б) Кыргыз обкомунун секретары болуп иштеген.

АЛИЕВ69.png

. Ал ‒ «Эркин-Тоо�», гезитинин (1924‒26), «Коммунист�» журналынын (1926) биринчи редактору. 1930‒31-ж. Кырг-ндын эл агартуу комиссары, 1932‒33-ж. ВКП(б) Ош округкомунун 1-секретары, 1934‒36-ж. ВКП(б) БКнын О. Азия бюросунун а. ч. бөлүмүнүн башчысынын орун басары, партиянын Ош крайкомунун 1-секретары болуп иштеген. 1937-ж. Кыргыз ССР эл агартуу комиссары болуп турганда күнөөсүз айыпталып, 1938-ж. атылган. 1991-ж. сөөгү Ата-Бейит көрүстөнүнө ариет-аза салты менен коюлган.