АЛЕКСИЙ II
Jump to navigation
Jump to search
, Р и д и г е р А л е к с е й М и х а й л о в и ч (23. 2. 1929, Таллин ш. ‒ 5. 12. 2008, Москва) ‒ Москва жана Бүткүл орус патриархы (1990-жылдан).
1964‒68-ж. Таллин, Эстон архиепископу, Москва патриархатынын иш башкаруучусу, Ыйык синоддун туруктуу мүчөсү. 1968‒88-ж. Таллин жана Эстон, 1988‒90-ж. Ленинград жана Новгород митрополити болгон. Бүткүл дүйнөлүк христиандык чиркөөлөрдү бириктирүү б-ча экуменисттик кыймылдын көрүнүктүү ишмерлеринин бири.
1964‒87-ж. европ. чиркөөлөр Конференция сынын президенти (1987-жылдан анын Президиумунун төрагасы). Россия билим берүү академиясынын академиги (1993).