АК-ТАШ КӨРҮСТӨНДӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:32, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒ алгачкы темир доору ж-а о. кылымдарга таандык көрүстөндөр тобу. Нарын обл-нун Кочкор р-нунан табылган. Соӊ-Көлдүн чыгыш тарабында, Калмак-Ашуудан түшө бериште жайгашкан. Алгач археолог А. К. Кибиров (1953), кийин Кыргыз тарыхчылар жамааты м-н Түрк тарых курумунун биргелешкен экспедициясы (1997) изилдеген. Көрүстөн казанактуу ж-а жөнөкөй мүрзөлөрдөн турат. Андан чопо идиштери, темир ж-а сөөк буюмдарынын сыныктары, канжар, бычак, жебенин учу ж. б. табылган. Казуу учурунда о. эле гунн дооруна таандык баш сөөгү деформация ланган адамдын көрүстөнү, байыркы түрк дооруна таандык аты м-н көмүлгөн баланын көрүстөнү ж-а балбал таштары бар 4 чарчы коргончо изилденген. 
К. Табалдиев.