АВТОМАТТАШТЫРУУНУН ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:37, 5 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМАТТАШТЫРУУНУН ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАРЫ ‒ технол. процесстин параметрлеринин өзгөрүшү ж-дө текшерүүчү маалыматты алуу, берүү, өзгөртүү, сактоо, аны программалык маалымат м-н салыштыруу ж-а буйрук маалыматын түзүү, буйрук маалыматын берүү ж-а технол. процесске таасир берүү үчүн аны колдонуу иштерин аткаруучу жабдыктар ж-а түзүлмөлөр. Маалымат кандайдыр физ. чоӊдук параметр сигналы м-н шарттуу байланышта болгондо гана бул иштер аткарылат. Автоматтык башкаруу системасы үчүн сигнал катары энергетикалык (электр энергиясы, кысылган газдын же суюктуктун энергиясы, мех. энергия) параметр алынат. Сигналдар үзгүлтүксүз (чыӊалуу, ток, жыштык, фаза, басым, момент, ылдамдык, сызыктуу жылыш) ж-а импульс түрүндө (чыӊалуунун же токтун амплитудасы, импульстун узактыгы, импульстун жыштыгы) болот. Маалымат алууда, берүүдө, өзгөртүүдө, салыштырууда, колдонууда сигналдар м-н бир нече операцияны жүргүзүүгө туура келет. Операциялар автоматтык аппараттардын элементтери м-н аткарылат. Элемент ‒ сигнал м-н белгилүү операцияны аткаруучу жөнөкөй уяча. Кээде сигналдар м-н бир нече операцияны жүргүзүүгө жөндөмдүү айкалышкан элементтер жасалат. Бир нече элементтин схемалык же схема конструкциялык биригиши автоматтык түзүлмөнү берет. Операцияларды текшерүү, башкаруу же технол. процесстин параметрлерин жөнгө салуу үчүн, автоматтык түзүлмөлөр система түрүндө бириктирилет. Автоматтык түзүлмөлөр системасынын негизги түрлөрү булар: 1) текшерүүнүн автоматтык системасы; 2) башкаруунун автоматтык системасы; 3) текшерүү маалыматын алуучу, аны иштетүүчү ж-а программа м-н салыштырып технол. процесске таасир берүүчү командалык маалыматты түзүүчү түзүлмөлөрү бар автоматтык жөндөө системасы; 4) текшерүүнүн телемех. системасы; 5) текшерүүнүн ж-а башкаруунун телеавтоматтык системасы; 6) жөндөөнүн телеавтоматтык системасы; 7) башкаруунун телемех. системасы. Текшерүүчү маалымытты берүүчү каражаттар билдиргичтен алынган сигналды өткөрүүчү байланыш зым кермеси (линиясы) аркылуу, сигналдарды берүүгө ылайыктуу формага келтирүүчү өзгөрткүчтөрдөн турат. Маалыматты иштетүүчү ж-а буйрук сигналдарын пайда кылуучу каражаттарга текшерилүүчү параметрлерди көрсөтүүчү, каттоочу, сигналдардын формасын өзгөртүүчү ж. б. түзүлмөлөр кирет. Көп учурда ар түрдүү сигналдарды чогуу колдонуучу айкалыштырылган системаларды түзүүгө туура келет. Ад.: Гличев А. В. Экономическая эффективность технических систем. М., 1971; эффективность внедрения ЭВМ на предприятии. М., 1981; Методы анализа и синтеза структур управляющих систем. М., 1988; Теория управления: Терминология. М., 1988.