АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЖУМУШ ОРУНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:26, 6 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ЖУМУШ ОРУНУ к о м п ь ю т е р д е ‒ башкаруучунун кесиптик милдетин аткарууда керек маалыматтык ресурстардын, программалык-тех. ж-а уюштуруу-технологияларынын, жеке же туташтырылган коллективдик колдонуу каражаттарынын тутуму. Ал компьютер негизинде түзүлүп, тиешелүү жабдууларды, программалык жабдыктарды камтыйт. А. ж. о-нун жардамы м-н кызматкер текстти иштетет, кабар алат ж-а аны жиберет, кеӊешмелерге катышат, документтердин өздүк архивин уюштуруп, алып жүрөт, эсептөөлөрдү аткарат ж-а жыйынтыгын жадыбал же график түрүндө алат. Адм.-башкаруучунун, конструктор же долбоорлоочунун, архитектордун, бухгалтердин ж. б. А. ж. о-дары кеӊири белгилүү.