АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ОКУТУУ СИСТЕМАСЫ
АВТОМАТТАШТЫРЫЛГАН ОКУТУУ СИСТЕМАСЫ (АОС) ‒ окуу программасынын бир түрү. Предметти окутууда, билимди текшерүүдө, консультация ж-а маалымат берүүдө, окуучуга жекече мамиле кылуу м-н убакытты кыскартууда ж-а окутуунун сапатын көтөрүүдө, окуу программасын иштеп чыгууда программалоонун алгоритмдик тилдерине салыштырмалуу убакытты 5 эсе кыскартууда, окуу ишмердиги тууралуу жыйындарды уюштурууда ж-а статистикалык маалыматтарды эсептөөдө колдонулат. Ал окуу процессинин конкреттүү керектөөсүнө ылайыкташтырылып педагогикалык изилдөөлөрдө ж-а эксперименттерде колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек, ошондой эле окуу программаларын ж-а материалдарды дифференциациялоо ж-а кеӊейтүү касиеттерине да ээ болуусу зарыл. Кеӊири тараган АОСко төмөндөгүлөр кирет: «АОС ЖОЖ» (ЭЭМЕС үчүн), «Школьница», «Рига», «Радуга» (түрдүү типтеги персоналдык ЭЭМ үчүн).