АЛМАЗДУУ ЖОНУУЧУ СТАНОК
Jump to navigation
Jump to search
‒ алмаздан же катуу болот куймадан жасалган айлан
ма аспаптар менен көзөнөктү жеткире иштетүүчү атайын түзүлмө. Ал тетиктин цилиндр формасындагы сырткы бетин иштетүүгө да ылайыкташтырылат. Тетиктерди массалык түрдө жасоодо көп шпинделдүү станок-жарым автомат тар, аз сериялуу өндүрүштөрдө бир шпинделдүү станок колдонулат. Аны менен иштөөдө өндүрүмдүүлүгү жана иштетилген тетиктин бетинин сапаты жогору болот. Бул станок менен тетикти иштетүүнүн тактыгы 0,5‒1,0 мкмге жетет.