АЛМАЗДУУ АСПАПТАР
Jump to navigation
Jump to search
‒ кесүүчү бөлүгү табигый же синтетикалык алмаздан жасалган жабдыктар. Ага жылмалоочу чарык, өгөө, алмаздуу кескич, кайрактуу (абразивдүү) аспаптарды курчута турган калем ж-а чыгырык (ролик), бургулоо аспаптары кирет. Аларды жасоодо күкүм же кристалл түрүндөгү алмаздар пайдаланылат. Колдонулушуна жараша алмаз күкүмдөрү орг. ийилгич (резиналык), металл ж. б. байланыш тыргычтары м-н бириктирилет. Мында 100%түү кошулманын 1 мм3 катмарында 0,878 мг алмаз болот. Алар м-н катуу куймалар, түрдүү констр-лык (кварц айнеги, карапа ж. б.) ж-а курулуш материалдары (бетон, мрамор, гранит) иштетилет.