АЛЛИГАТОРЛОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:31, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(Alligatoridae) ‒ сойлоочулар дын крокодилдер түркүмүнүн уруусу. Уз. 1 мден 6 мге жетет. 4 уруусу, 7 түрү бар. Түн. Америка нын түш.-чыгыш жагында, Түш. Америкада, Кытайда жашайт. Көбүнчө тузсуз көлмөлөрдө тиричилигин өткөрөт. Балыктар, моллюскалар,
АЛЛИГАТОРЛОР80.png

раксымалдар, жерде-сууда жашоочулар, сойлоочулар, кээде сүт эмүүчүлөр м-н азыктанат. Адам үчүн анча коркунучсуз. Кытай А-нун уз. 2 мге жетет. Суунун, көлдүн жээктеринде ийиндерде жашайт. Уясын жээктеги өсүмдүктүн арасына салып 10‒40 жумуртка тууйт. Аз кездешүүчү түр болгондуктан ЖКЭСтин Кызыл китебине катталган. Коруктарда корголот, зоопарктарда көбөйтүү б-ча ийгиликтүү тажрыйба жүргүзүлүүдө. Миссисипи А-унун уз. 5 мге жетет. Ал башкалардан айырмаланып, алдыӊкы бутунун манжалары жаргакча м-н бириккен. Түш.-чыгыш Америкада көп кездешет. Ургаачысы 20‒40 жумуртка тууп, аны кайтарып, тукуму ж-дө кам көрөт. Жашоо узактыгы 85 жыл. Анын терисинен сумка, бут кийим, кур ж. б. жасалат.