АВТАРКИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:36, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(грек autarkeia ‒ өзүнө жетиштүүлүк, өзүн камсыздандыруу, өзүн-өзү каржылоочулук) ‒ мамлекеттердин чарбалык обочолонуу саясаты; өзүн-өзү камсыздандыруу экономикасын түзүү. Кубаттуу өлкөлөр көп учурда обочолонгон «чарбалык мейкиндик» түзүү деген шылтоо менен башка өлкөлөргө үстөмдүк кылуу максатында А-ны пайдаланышат. А. фашизмдин расмий докторинасы болгон.