АЛКОГОЛЯТТАР
Jump to navigation
Jump to search
‒ спирттин гидроксид тобундагы суутек атому металлдар м-н орун алмашуу сунан пайда болгон туз сымал орг. бирикмелер. Алар спиртте жеӊил эрүүчү, ным тарткыч катуу заттар. Бир атомдуу спирттердин жалпы формуласы M(OR)n, мында n‒металлдардын кычкылдануу даражасы. Бир атомдуу спирттер м-н жегич, жегич жер металлдарынын A-ы иондук бирикмелер, ажыроо t 200‒300°C. Спиртте ж-а суюк NH3тө жакшы эрийт. Спиртке металл таасир этүүдөн алынат: 2C2H5OH+2Na→2C2 H5ONa + +H2. Ар түрдүү орг. бирикмелерди синтездөөдө колдонулат.