АЛКАЛОИДДҮҮ ӨСҮМДҮКТӨР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:01, 5 Апрель (Чын куран) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
‒  курамында азоттуу орг. бирикмелер бар өсүмдүктөр. Алкалоид алгач 1806-ж. апийимден бөлүнүп алынган. Аларга меӊдубана, чай, чекенде, тамеки, чанактуулар, байчечекейлер, шакардуулар ж.б. кирет. Дүйнөдө миӊден ашык өсүмдүктөн алкалоид табылган. Адатта бир эле өсүмдүктө бир нече алкалоиддер болушу мүмкүн. Мис., апийим сүтүндө 20дан ашык алкалоид кездешет. А. ө. көбүнчө ысык жерлерде таралган. Алкалоиддер өсүмдүк клеткаларында башка заттардай эле хим. реакцияларга катышат. Мис., бышып келе жаткан тамеки уругунда белоктун топтолушу м-н катар никотиндин бара-бара жоюлушу байкалат. Курамында алкалоид көп өсүмдүктөр малды уулантып, өлүмгө дуушар кылат. Картошка сабагындагы же көгөргөн түймөгүндөгү алкалоид соланин канды гемолизге алып келиши мүмкүн. А. ө. негизинен дары-дармек жасоо үчүн колдонулат.

И. С. Содомбеков.