АЛИК СУРЬМА КЕНЧЕСИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:42, 12 Апрель (Чын куран) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 Ош обл-нун Алай р-нунда, Алик-Сөөк Суусунун Терек суусуна куйган жеринен 1,5‒2 км жогору, деӊиз деӊг. 3740‒3930 м бийиктикте. 1984‒87-ж. геол. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кенченин аймагында силур, девон ж-а карбондун карбонат-терриген катмарлары жайгашкан. Жаракалар м-н кесилген плита сыяктуу бири бирине жакын эки акиташ олистомиттери кенташты камтып турат. Сурьма кенташы жаспероиддер м-н байланышып, уз. 115 мге чейин, калыӊдыгы 1‒1,5 м болгон тарам түрүндөгү эки кенташ (руда) тулкусун түзөт. Сурьманын орт. өлчөмү 7,72%. Кенташтын болжолдуу ресурсу 86,1 миӊ т, сурьманыкы ‒ 6600 т.