АЛИЕВ Капар

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:13, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛИЕВ Капар (8. 5. 1927, Нарын обл., Тянь-Шань р-ну, Он-Арча айылы ‒ 12. 5. 1970, Бишкек) ‒ журналист, диктор көркөм окуунун Кыргызстандагы негиз салуучусу. Нарындагы мугалимдерди даярдоо курсун бүткөн. Тянь-Шань районундагы Жалгыз-Терек, Оттук, Ак-Талаа районундагы Осовиахим айыл мектептеринде мугалим, директор (1944‒51). 1951-жылдан Кыргыз радиокомитетинде дикторлук кесипте иштеп, Кыргызстанда биринчи болуп жогорку даражадагы дикторлук категорияга жетишкен. Көркөм окуу өнөрүн өмүр бою аркалаган. 1951-жылдан журналисттик кесипке өткөн. «Ленинчил жаш», «Чалкан» журналдарында эмгектенген. 50дөн ашык сатиралары, курч фельетондору жарык көргөн. К. Алиев кино ишмери катары да белгилүү. Ал толук метраждуу фильмдердин, киножурналдардын текстин көркөм окуган. «Жоро» аттуу көркөм фильмде башкарманын ролун аткарган. Котормочу катары бир нече адабий чыгармаларды кыргызчалаткан. Анын ысымы м-н туулган айылынын бир көчөсү аталган.