АЛЕКСАНДР КОЛОННАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:01, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ Санкт-Петербург дагы Дворец аянтында, 1812-ж. Ата Мекендик согуштун жеӊишине арналган арх-ралык эстелик. О. Р. де Монферрандын долбоору б-ча 1830‒34-ж. тургузулган, император Александр Iнин аты коюлган. Эстелик доридалык стиль менен салынган колонна, крест кармаган периште колоннанын үстүнө коюлган (скульптору Б. И. Орловский). А. к-нын жалпы бийикт. 47,5 м (дүйнөдөгү эӊ бийик триумфалдык колонна), постаментинин түп жагында 1250 свай орнотулган. «Александр түркүгү» салтанаттуу түрдө 1834-ж. ачылган жана бул аянт шаардын симво лу болуп калган. А. к. Ленинград блокадасында снаряддын сыныгынан зыянга учураган, 1963-ж. кайра калыбына келтирилген. 1977-ж. А. к-нын айлана

С.-Петербургдагы Александр колоннасы.

сына азыркыдай брусчатка төшөлүп, темир тосмолор орнотулган, эстеликтин бурчтарынын 4 фонары кайрадан калыбына келтирилген (2004).