АЛЕКСАНДРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:30, 28 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛЕКСАНДРИЯ (ар. Аль-Искандария) ‒ Египет Араб Республикасындагы шаар. Жер Ортолук деӊиздин жээгинде, Нил д-нын дельтасынын батыш бөлүгүндө жайгашкан. Александрия мухафазасынын (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Калкы 5,0 млн (2019, калкынын саны б-ча өлкөдөгү 2-шаар). Өлкөнүн башкы деӊиз порту (жылына 13 млн т жүк ташылат) ж-а ири соода өнөр жай борбору Эль-Махмудия каналы аркылуу Нил д. м-н байланышат. Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорт.  Египеттен ташылган жүктүн 4/нө жакыны А. аркылуу өтөт. Суэц ‒ Каир ‒ Танта ‒ А. нефть, Абу-Кир ‒ А. газ куурунун акыркы пункту. Нефть ажыратуу, хим., цемент, текстиль, машина куруу, металл иштетүү, кеме куруу ж-а оӊдоо өнөр жайы иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Океанография, балык чарбасы, гидрология ил.-из. ин-ту, ун-т бар. А-нын чет жакасында жайкы деӊиз курорту жайгашкан. А-ны б. з. ч. 332‒331-ж. Александр Македонский негиздеген. Птолемейдин падышачылыгы убагында (б. з. 305‒30-ж.) Египеттин ж-а эллинизм мад-тынын борбору, антика доорунун башкы маданий ж-а экон. борборунун бири болгон. 7-к-да арабдардын ээлигине өткөн. Антикалык доордогу эстеликтерден ‒ Форос а-ндагы бийикт. 120 м келген 3 кабаттуу маяк (б. з. ч. 3-к.; дүйнөдөгү жети кереметтин бири), көптөгөн мечиттер (17‒19-к.), Помпеи же Диоклетиан колоннасы, некрополь, катакомбалар, байыркы грек-рим музейи сакталган. Арх-ралык эстеликтерден мечит (17‒18-к.), асем сарайлар (азыр музей) [Рас-эт-Тин (19-к-дын башы), парктуу Мунтаза (20-к-дын башы), Мухаммед Али (20-к.)] калган. 1985-жылдан Жер Ортолук деӊиздин жээгиндеги мамлекеттер кинофестивалын өткөрүшөт.