АЛГЕБРАЛЫК КӨП ТҮСПӨЛДҮҮЛҮК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:49, 4 Апрель (Чын куран) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
алгебралык геометриядагы изилдөөлөрдүн эӊ башкы объектиси. А. к.-түн учурдагы аныктамасы чыныгы же комплекстүү сандар талаасында аныкталган алг. аффиндик ж-а проективдик көптүктөрдөн башталган. Азыркы учурда k-талаасында аныкталган А. к. т., ошол k-талаасында келтирилген чектүү типтеги схема түрүндө берилет. Нем. математиги А. Вейль А.  к. к-кө дифференциалдык көп түспөлдүүлүктөрдүн идеясын пайдаланып, төмөнкүчө аныктама берген: k-талаасындагы абстракттуу А. к. k-талаасындагы аффиндик алг. көптүктөрдөн турган (Va) системасынан турат. Ар бир Vв да камтылган W ачык көптүгү (WМ Va) тиешелүү түрдө ачык WМ Va көптүгүнө изоморфтуу болгон (W) көптүктөргө бөлүнгөн.

Ад.: 1. Шафаревич И. Р. Основы алгебраической геометрии. М., 1972.

                                                           А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.