АЛАЙ РАЙОНУ
Ош обл-нда. Район 1928-ж. Алай‒Гүлчө р-ну болуп уюшулган; 1936-ж. андан эки район бөлүнгөн ‒ Алай р-ну ж-а Чоӊ Алай р-ну; 1959-ж. алар кайра биригип, Алай
р-ну болгон. 1992-ж. кайра эки районго ‒ Алай ж-а Чоӊ Алай р-нуна бөлүнгөн. Район облустун эӊ түштүгүндө жайгашып, чыгышынан Кытай, түндүгүнөн ж-а түн.-чыгышынан Кара-Кулжа ж-а Өзгөн, батышынан ж-а түн.-баты шынан Кара-Суу, Ноокат ж-а Чоӊ Алай р-ндору, түштүгүнөн Тоолуу Бадакшан обл. (Тажикстан) м-н чектешет. Аянты 7,6 миӊ км2 (Ош обл-нун аймагынын 26,0%). Калкы 72,2 миӊ (2009). Борбору ‒ Гүлчө кыш. Район 14 айыл аймагына бөлүнөт. Райондо 62 кыштак бар.
Район бийик тоолуу Алай өрөөнү (чыгыш бөлүгү) м-н Гүлчө өрөөнүндө жайгашкан. Алай өрөөнү түн. бөлүгүнөн Алай кырка тоосу, түштүгүнөн Чоӊ Алай кырка тоосу (эӊ бийик жери ‒ 7137м, Ленин атн. чоку) м-н курчалган. Райондун деӊиз деӊг. эӊ жапыз жери 1560 м (Гүлчө өрөөнүндө). Кен байлыктары: көмүр, кайнатма туз, сымап, сурьма, вольфрам, чымкөӊ, мрамор,
курулуш материалдары, минералдуу ж-а ысык булактар ж. б. Климаты континенттик. Январдын орт. темп-расы Гүлчө өрөөнүндө ‒7,5°С, Алай өрөөнүндө ‒14,4°…‒17,5°С, июлдуку Гүлчөдө 18,9°С, Алайда 9‒15,4°С. Жылдык жаан-чачы ны 300‒500 мм. Ири мөӊгүлөрү: Корженевский, Ленин ж. б. Суу тармактары жыш; ирилери: Гүлчө, Кызыл-Суу , Көк-Суу ж. б. Райондун түн.-чыгыш бөлүгүн ж-а орто бийиктиктеги тоолордун түн. капталдарын карбонаттуу күрөӊ топурак ээлеп, буудайыктуу ж-а шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү өсөт. Ушул эле бийиктиктеги тоо капталдарынын чыгыш экспозицияларын майда дүӊгөлүү, бетегелүү ж-а бетеге-дүйүм чөптүү талаа ээлейт. Талаа ж-а шалбаалуу талаа алкактары бийиктеген сайын токой ж-а шалбаа алкактарына өтөт. Тоо капталдарынын түн. ж-а чыгыш экспозицияларынын тескей беттеринде (күӊүрт-коӊур тоо-токой топурагында) арча ж-а сейрек токой өсөт. Тоо-талаа топурактуу субальп ж-а альп алкактарында субальп ж-а альп шалбаалуу талаа ж-а талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Кууш капчыгайларда бадал (итмурун, табылгы, изирик ж. б.), суу жайылмаларында чычырканак, тал, терек ж. б. кездешет. Нивалдык алкакта рихтерия, мамыры чөп ж. б. өсөт. Баалуу айбанаттарды коргоо ж-а көбөйтүү максатында Куршаб суусунун жайылмасында Гүлчө заказниги уюшулган.
Райондо облустун калкынын 6,9%и жашайт (2003). Төрөлүүнүн деӊгээли 20,3‰, өлүм-житим ‒ 41,1‰, табигый өсүш ‒ 16,2‰ түзөт. Калкынын 44,7%и эмгек жашына чейинкилер, 47,5%и эмгек жашындагылар, 7,8%и ‒ эмгек жашынан өткөндөр. Калктын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 9,0 киши.
Алай р-нунун экономикасынын негизин мал чарбасы ж-а дыйканчылык түзөт. Райондо 2003-ж. 116,3 миӊ кой-эчки, 17,2 миӊ бодо мал, 9,4 миӊ жылкы, 20,7 үй кушу болгон. 2003-ж. 6,9 миӊ т эт (облуста өндүрүлгөн эттин 10,3%и), 17,5 миӊ т сүт (7,5%и), 342 т жүн (13,3%и), 1,3 млн даана жумуртка (3,9%и) өндүрүлгөн. Жалпы жер фонду 7582,0 миӊ га (2004), анын а. ч-га жарактуу жери 409,0 миӊ га (жеринен 53,9%). Анын басымдуу бөлүгү (387,9 миӊ га) жайыт. Айдоо аянты 5,0 миӊ га, анын 1,3 миӊ гасы сугат жер; 38 га көп жылдык өсүмдүк, 7,9 миӊ га чабынды. Дан (4,4 миӊ га, а. и. буудай ‒ 3,2 миӊ га), картошка (0,5 миӊ га), май алынчу өсүмдүктөр (227 га), жашылча (244 га) айдалат (2003).
Райондо 5 өндүрүштүк (макарон, самын чыгаруучу, жыгач иштетүүчү, көмүр казып алуучу) ж-а дан эгиндерин кайра иштетүүчү 38 кичи ишкана иштейт. Район облуста өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 0,8%ин берет.
Негизги транспорту ‒ автомобиль. Анын аймагынан эзелтен эле О. Азия өлкөлөрүн Кытай,
Индия, Пакистан, Афганстан м-н байланыш тырган Улуу Жибек жолу өткөн. Негизги автомобиль жолдору: эл аралык маанидегилери Ош‒Хорог, Сары-Таш ‒ Дароот-Коргон ‒ Дүйшөмбү (Тажикстан), Сары-Таш‒Эркеч-Там ‒ Кашгар (Кытай). 2003-ж. автомобиль транспор ту м-н 226,6 млн т жүк, 23,5 млн жүргүнчү ташылган.
2003/04-окуу жылында 38 орто, 4 толук эмес орто, 6 башталгыч мектеп, 1 кесиптик-тех. лицей болгон. Райондо 1 борб. ж-а 3 участкалык оорукана, 25 ФАП, 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 4 аптека, мад-т үйү, 11 клуб, 1 райондук, 30 айылдык китепкана, 1 тарых музейи бар.
И. Егембердиев, А. Мырзаев.