АВТОРЛОШКОН КОТОРМО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:41, 15 Август (Баш оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОРЛОШКОН КОТОРМО – котормочунун автор менен бирдикте чыгарманы бир тилден экинчи тилге которуусу. Мисалы, «Абай» романын Л. Собелев автор менен бирдикте орусчага которгон. Азыркы кыргыз адабиятында авторлошкон котормо арбын эле кездешет. Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим», «Жамийла» повесттери орус тилине А. Дмитриева менен бирдикте которулган. Кээде чыгармасын башка тилге өзү которгондор да болот. Мисалы, Ч. Айтматов «Саманчы жолу» повестин орус тилине өзү которгон.