АВТОПОРТРЕТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:26, 25 Июль (Теке) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОПОРТРЕТ (авто... жана портрет ) ‒ сүрөтчүнүн күзгүгө каранып, өзүн өзү тарткан сүрөтү. Портрет жанрынын өзгөчө түрү катары 16-кылымда Кайра жаралуу доорунда (Рафаэль, А. Дюрер) калыптанган. Андагы салтты кийинки доорлордун ири сүрөтчүлөрү (Рембрандт, Ван Рейн, М. А. Врубель жана башкалар) өрчүтүшкөн. Кыргыз искусствосунда Г. Айтиев, С. Чуйков, С. Акылбеков, А. Усубалиев жана башка кылкалем чеберлеринин автопортреттери белгилүү.

Б. Усубалиев. Автопортрет. 1996.