АВТОРДУК КЕЛИШИМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:18, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АВТОРДУК КЕЛИШИМавтор (же анын мурасчысы) менен башка бир адамдын ортосундагы ошол чыгарманы колдонуу (басып чыгаруу, сахнага коюу ж. б.) боюнча түзүлгөн макулдашуу; автор менен басманын ортосунда жетишилген өз ара бүтүмдүн натыйжасын аныктоочу документ. Кол жазманын көлөмү, аны тапшыруунун мөөнөтү, калем акынын өлчөмү жана аны төлөө, кайрадан басып чыгаруу иштери автордук келишимдин негизинде алдын ала аныкталат.