АК-ЖАР - Талас облусундагы кыштак

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:48, 24 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ЖАР – Талас районундагы кыш­так. Долоно айыл аймагына караштуу. Талас дарыясынын оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1351 м бийик­тикте жайгашкан. Райондун борбору Көк‑Ой кыштагы­нан 20 км түндүк-чыгыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 120 км аралыкта. 1910‑ж. отурукташкан. Калкы 2069 (2009); негизинен мал чарбасы менен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.