АК-САЙ - Тоң районундагы кыштак.

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-САЙ ‒ Ысык-Көл обл-нун Тоӊ р-нундагы кыштак. Болот Мамбетов атн. айыл аймагына караштуу. Балыкчы ‒ Каракол автомобиль жолунун жана Ысык-Көлдүн боюнда, деӊиз деӊг. 1774 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Бөкөнбаев кыш-нан 14 км батыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 74 км. 1950-ж. отурукташкан. Калкы 1908 (2009); негизинен токой даярдоодо эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП бар.