АВИНЬОНДОГУ ДРАМА ИСКУССТВОСУНУН ФЕСТИВАЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:29, 25 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВИНЬОНДОГУ ДРАМА ИСКУССТВОСУНУН ФЕСТИВАЛДАРЫ – Авиньон шаарында (Франция) өтүүчү театр фестивалдары. 1-фестивалды 1947-ж. Ж. Вилар уюштурган. Спектаклдер ачык асман астында көшөгөсүз, жасалгасыз өткөрүлгөн. Авиньондогу фестивалга ар кандай мамлекеттердин театр коллективдери катыша алат.