АБИЛОВ Болот Арипович
АБИЛОВ Болот Арипович (1963-жылы туулган, Фрунзе шаары) – медицина илимдеринин доктору (2002). КММИни бүтүргөн (1986). Эмгек жолун КММИде балдардын инфекциялык оорулар кафедрасында ассистент болуп иштеп баштаган. КРдин саламаттык сактоо министрлигинин лицензия-аккредитациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары; И.К. Ахунбаев атн. КММИде кафедрада профессор, факультеттин деканы; КРдин саламаттык сактоо министрлигинде мамлекеттик–жеке өнөктөштүк боюнча консультант. Анын 111дөн ашык илимий эмгектери, а.и. 5 монография, 4 окуу китеби жарык көргөн.
Эмг.: Основы менеджмента в здравоохранении: методические пособие ( в соавт.). – Б., 2014. -146 с.; К теоритечским основам государственного регулирования системы здравоохранения //Современные тенденции развития науки и технологий: Сб. науч. тр. по мат.Ү1 междунар. науч-практ. конф. – Часть 1Ү. – Белгород, 2015.– С. 40-45.