АРХИТЕКТУРА
АРХИТЕКТУРА (лат. architectura, байыркы грек architektonike), зодчийлик,мөмөрчүлүк – адамдардын жашоосуна, эмгектенүүсүнө материалдык чөйрөнү түзгөн имараттар ж. б. курулмалар (о. эле алардын комплекстери); курулмаларды жана алардын комплекстерин коомдук эстетикалык көз карашка, азыркы тех. мүмкүнчүлүктөргө, милдеттерине жараша долбоорлоо, куруу өнөрү. Анын негизги принциптери, өзгөчөлүктөрү жана касиеттери архитектуралык чыгармалардан көрүнөт. Аларга имараттар, ансамблдер, курулмалар жана ачык мейкиндиктеги аянттар ж. б. курулуштар кирет. Архитектуранын өзгөчө тармагын калк отурукташкан жерлерди пландаштыруу жана куруу, б. а. шаар курулушу түзөт. Жаратылыштын элементтерин, чакан архитектуралык формаларды, имарат-курулмаларды бириктирип түзүлгөн мейкиндиктер – ландшафттык архитектура (бак-парктык искусство, эс алуу зоналары ж. б.) материалдык маданияттын бир тармагы, ошол эле мезгилде искусствонун бир түрү катары рухий маданиятка да кирет. Ал адамдын чөйрөсүн эстетикалык жактан калыптандырып, көркөм образдар аркылуу коомдук идеяны чагылдырат. Архитектура мейкиндик-көркөм каражаттар аркылуу коом өзүнө зарыл жана ылайыктуу «экинчи табиятты» – жаңы материалдык айлана-чөйрөнү жаратып, коомдук жашоонун формасын, иштөө, окуу, эс алуу ж. б. тиричилик шарттарын эстетикалык деңгээлде көзгө жагымдуу калыптандыргандыгы менен баалуу. Архитектуралык чыгарманын өзөгүн түзүүчү негизи форма, функция, мейкиндик, конструкция, материал болсо, ал эми көркөм тили катары композициялык каражаттар: пропорция, симметрия, ритм, контраст, нюанс, масштаб, образ, символ ж. б. саналат. Архитектуранын милдетине: I) жалпы пландаштырылган композициянын максаттуулугу; 2) конструкциянын бекем жана туруктуу болушу; 3) курулуштун архитектуралык формасынын ылайыктуулугу; имаратты куруудагы экономикалык чыгымдын үнөмдүүлүгү ж. б. кирет. Архитектурада функциялык-техникалык жана рухий-эстетикалык башталыштар өз ара тыгыз байланышкан: ал өзүнө пайдалуулукту, бекемдикти ж-a сулуулукту негиз кылып алат. Архитектуранын практикалык милдеттери менен курулуштун көлөм-мейкиндик структурасы ж-a планы өз ара байланыштуу, ал эми курулуш технологиясы, техникасы долбоорду ишке ашырууну аныктайт. Ошондой эле архитектуралык чыгармаларынын идеялык-образдык мазмуну анын социалдык функциясына негизделген сыяктуу эле, көлөм-мейкиндик өзгөчөлүктөрү ошол доордун эстетикалык нормаларына да негизделет. Коомдук прогресс, илим менен техниканын жетишкендиктери, жаңы эстетикалык концепциялар андан көркөм искусство катары мурун болуп көрбөгөн жаңычыл (новатордук) чечимдерди, образдуу ж-a конструктивдүү милдеттерди талап кылат. Ошентип, архитектура, негизги (көркөм сүрөт ж-a жасалга көркөм искусствосу менен бирдикте) мейкиндик көркөм искусствосунун бири болуп кала берет ж-a төмөндөгүдөй аныкталат: I) адам ишмердүүлүгүндөгү көркөм уюштурулган мейкиндик (чөйрө); 2) өзүнүн болушу, жайгашышы ж-a иштөөсү менен мейкиндиктин көркөм уюштурулушун шарттаган объекттер жыйындысы; 3) уюмдашкан мейкиндикти ж-a аны түзүүчү объекттерди долбоорлоо, б. а., архитектураны жаратуучунун – архитектордун ишмердиги же ушундай чыгармачыл процесстердин жыйындысы. Көпчүлүк учурда архитектуралык ишмердик өзүнүн бир эле турушу эмес, ошондой эле милдети, негизги формалдуу өзгөчөлүктөрү б-ча экономикалык эсеби, техникалык мүмкүнчүлүктөрү ж-a практикалык керектелүүсү менен аныкталган объекттерди жабдууга багытталган. Мындай объекттерге көркөм бирдиктүүлүк катары жабдылган ж-a ансамблдер деп аталган курулушгар (культтук, адм., турак-жай, өнөр жай, коомдук ж. б.) ачык шаардык мейкиндиктер (аянттар, көчөлөр, парктар) жана ачык мейкиндик ж-a курулуш комплекстери (шаардын р-ндору ж. б.) кирет. Архитектуралык форманын ж-a мейкиндиктин жаралышы табигый жердин климаттык шартына, коомдук факторго (саясий-экон. түзүлүшкө, курулуш-тех. базаларга, тарыхый-маданий, этникалык үрп-адатка ж. б.), рухий ж-a эстетикалык табитине, идеалдарга байланыштуу. Архитектура көркөм сүрөт өнөрүндөй табиятты, адамды сүрөттөбөйт, анын көркөм каражаттары – символикалык ж-a абстракттуу формаларында, айрыкча мейкиндик структурасында жатат. Башка пластикалык искусствонун түрлөрүнөн айырмаланып, архитектуралык коомдук-өндүрүштүк күчтүн деңгээлине, илим жана техникалык өсүшүнө, тактап айтканда инженердик-курулуш ишкердүүлүгүнө тыгыз байланыштуу ж-a
олуттуу материалдык (финансылык) каражатты, коллективдүү жумушчу күчтү талап кылат, мис., Байыркы Египеттин фараондоруна пирамидаларды тургузуу үчүн 50–100 миңдеген кулдар 20–30 жылдап иштеген. Кээ бир пирамидалардын курулушу 100 жылдык убакытты талап кылган. Сактардын падышаларынын «коргондорун» жөнөкөй топурактан үйүп куруу үчүн эң кеминде 5 миңге жакын адамдар ишке тартылган. Ал эми бүгүнкү күндө 20-30 кабат үй салуу мөөнөтү Батыш Европада, АКШда, Кытайда жарым жылдан ашпайт. Адатта архитектуралык эстеликтер «дүйнөнүн таш летописи» деп шарттуу түрдө аталат, анткени алар кылымдан кылымга сакталып, учурунда курулган өткөн замандын объективдүү абалын камтып турган бирден бир табылгыс тарыхый булак катары коомго керек.
Кыргыз элинин тарыхы, маданияты «Манас» эпосунда образдуу тил менен баатырдык окуялар аркылуу чагылдырылса, ошондой эле боз үйдүн архитектурасында улут түзгөн «дүйнө сүрөтү» көрүнүп турат. Aнсамблдер архитектура чыгармасынын эң жогорку баскычы ж-a татаал системасы болуп эсептелет. Алар байыркы ж-a орто кылымдарда түрдүү тарыхый шарттарда пайда болуп, калыптанган. 20-кылымдан баштап архитектуралык ансамблдер чоң шаарлардын көрүнүктүү орундарын ээлеп калды. Бүгүнкү күндө архитектуранын скульптура,
монументалдык-декорациялык искусство, живопись жана дизайн менен бирдиктүү синтез түзүү касиети өтө баалуу. Сүрөттөлбөгөнүнө жана мотивдери менен формаларынын чектелүү шарттарына байланыштуу архитектуралык сыпат көп учурда толуктоого, конкреттештирүүгө жана аны көркөм сүрөт өнөр каражаттары менен байытууга муктаж. Мына ушул кырдаал жана көлөмдөрүнүн салыштырмалуу кеңдиги архитектуралык мейкиндиктин көркөм өнөрлөрдүн синтези үчүн эң жакшы кыртыш экенин далилдейт. Искусствонун идеялык мазмундук багыттарын бири бири менен айкалыштырып «көп катмарлуу» архитектуралык чыгарманы түзүү менен Версаль, Альгамбра, Кремль сыяктуу шедевр архитектуралык ансамблдер пайда болгон. Архитектура скульптордук (скульптура, живопись ж. б.) көркөм чыгармачылыктын мезгилдик жана мейкиндик түрлөрүнүн бириккен негизине кызмат кылат, ошондуктан архитектураны «бардык көркөм искусствонун энеси» деп аташканы бекеринен эмес. Башка көркөм искусство сыяктуу эле архитектура да дайыма өзүнүн стилдеринде жана чыгармаларында ошол доордун идеалын, көп кырдуулугун чагылдырат. Өзүнүн эл массасына жеткилеңдиги менен чыгармаларынын бекемдиги жана туруктуулугу б-ча архитектура башка көркөм искусствого салыштырмалуу ага заманбап идеалдын социалдык уюштуруу аспектин, иретке салынган рухун жана акылга сыярлык мыйзамченемдүүлүгүн көбүрөөк ачып көрсөтөт. Буга архитектура чыгармаларынын масштабдуулугунан сырткары ага таандык ритм менен пропорцияны баса белгилөөсү да жардам берет. Архитектура искусство жана курулуш өнөрү катары узак тарыхый жолду басып өттү, анткени байыркы
замандан бери адамзаттын жашоосу курулуш менен байланышкан. Неолит доорунда архаикалык
үй жыгачтан, камыштан, чопо топурактан салынган. Чоң-чоң таштардан монументтүү курулуштар – менгир, дольмен, кромлехтер (төбөсү жабылган таш курулуштар) пайда болду. Англиядагы Солсберинин жанындагы атактуу
Стаунхендж кромлехи ошолордун бири. Данияда Бретанда тикесинен катар турган менгирлер «аллеясы» бар. Дольмендер таш дубалдуу үй сыяктуу болгон. Египеттин көркөм маданияты өз учурунда коомдук зор мааниге ээ.
Б. з. ч. 2200–2700-ж. салынган египет пирамидалары менен ибадатканаларынын курулуштары ушул күнгө чейин таң калтырат. Египетте ири шаарлар, чептер жана ирригациялык жайлар курулган; таш храмдар, сарай, өлүк коюучу
жайлар сыяктуу үлгүлөрү монументтүүлүгү менен айырмаланат. Байыркы падышалык доордо маркумдарга сыйынууга байланыштуу түз бурчтуу күмбөздөрдүн тиби (мастаба) жана пирамидалар (алгач тепкичтүү формада Саккардагы Жосер пирамидасы, кийин классикалык формада Гизадагы Хеопс, Хефрен, Микерин пирамидасы), өсүмдүк ж. б. формадагы колонналуу храмдар, обелиск, сфинкстердин типтери түзүлгөн. Жалпы мамлекеттик зыярат очогу болгон фараондун сөөгү коюлуучу храмдар аябаган зор ченемде курулган.
Мындай храмдарды куруу иши Жаңы падышалык доордо (б. з. ч. 16–11-к.) өзгөчө күч алат (Карнактагы, Луксордогу колонналуу залдар, кубаттуу пилондор, Сфинкс аллеялары бар храмдар). Рельефтүү композициялары жана айкелдери бар зор храмдарды куруу (Карнакта, Абу-Симбелде, Мединет-Абуда) өнүккөн. 639-ж. арабдар Египетте ислам динин жайылтып, араб маданиятын түзө баштаган. 7–9-к-да түркүктүү мечиттер көп салынган (мис., Фустатта Амр ибн аль-Ас мечити, 641–642), Каирде ибн Тулун (876–879), аль-Азхар (970–972), аль-Хаким (990–1013) мечиттери, Хасан султан мечит-медресеси (1356–63), Мамлюктар мавзолейи (15–16-к.) жана балкондуу мунаралар, Осмон империясынын мезгилинде түрк мечиттери курулган. 19–20-к-да Египетте франц., итал., англ. архитекторлор иштеген. Месопотам маданиятынын алтын доорунда пайда болгон Вавилон мунарасы бир нече катар дубалдар менен курчалган. Байыркы Грек мегарондук микен маданиятынан башталат. Гомер мезгилинде мегарондук архитектуранын негизинде алгачкы грек храмдары салынган. Храм салуу, кооздоо иши айрыкча өркүндөп, дорийлик ордер стилинде Геранын (Олимпте), Аполлондун (Коринфте) храмдары, 4–6-к-да Рим сыяктуу шаарларда Сан-Жованни ин Латерано, Сан-Витале базилика чиркөөлөрү, зыярат кылынчу имараттар салынган. Шаарлар пландуу курулуп, портторду жана гавандарды салуу өркүндөгөн. Посейдонияда «Посейдон храмы», Олимпте Зевстин, Афиныда Парфенон жана Эрехтейон храмдары сыяктуу Грекия архитектурасынын мыкты үлгүлөрү, Байыркы Римде өлкөнүн жана императордун даңкын көтөргөн эл чогулуучу ири имараттар, ансамблдер, амфитеатр, театр, термалар, үстү жабык базар, базиликалар тургузулган. Көпүрөлөр менен акведуктар инженердик жактан жогорку деңгээлде курулган. Арка ж-a своддун конструкцияларын кеңири колдонушкан. Индия архитектурасынын тарыхы байыркы Хараппа цивилизациясына тиешелүү Сангхол жана Лотхал шаарларынын архитектурасынан башталат. Б. з. ч. 2–1-миң жылдыкта кийинки доорлордун таш архитектурасына негиз түзгөн элдик жыгач архитектурасы пайда болгон.
Б. з. ч. 4–2-к-да Маурья мамлекетинде шаардык санжыргалуу сарай имараттары салынган. Мемориал түркүктөр («стамбха»), жарым сфера («ступа»), эки катар колонналуу узата салынган зал сыяктанган үңкүр храмдар («чайтья»), монастрлар курулган. Дели султандыгында архитектура геометриялык тактыкка жетишкен: жебе сымал арка жасоо, тегиздикке хром менен оймо-чийме салуу өнөрү өөрчүгөн. Архитектура Улуу Моголдор мамлекетинде (16–17-к.) айрыкча өнүккөн: Агра жана Дели шаарларынын чептери ж-a мрамор каалгачалары, мечиттер, Агранын жанындагы ТажМахал ак мрамор күмбөзү салынган. Колониялык бийлик убагында (18-к.) Бомбей, Калькутта, Дели шаарларында европалык типтеги жаңы имараттар, борборлошкон Цинь мамлекетинин убагында Улуу Кытай дубалынын көп бөлүгү (б. з. ч. 221–207-ж.) курулган. Цинь ж-a Хан доорлорунда 2–3 кабат үйлөр, көп ярустуу буктурма мунаралар салынган. Хан доорунда коңшу Азия элдеринен маданий ыкмалар өздөштүрүлгөн. Индиядан оошкон иконография системалары архитектурада, живописте, скульптурада монументтүү формалардын пайда болушун, жаңы типтеги аска монастырларынын (Юнгань, Майизишань ж. б.) салынышын шарттаган. 7–3-к-да (Тан ж-a Сун доору) маданияттын бардык тармагы гүлдөгөн. Б. з. 3–6-к-да Японияда падыша коргондорун куруп, алардын үстүнө чопо статуэткалар (Ханива) коюшкан. 6-к-дан Японияда буддизм таралып, 7–8-к-да кытай жана корей зодчийлигинин таасиринде храмдар, имараттар ж. б. курулган. 12–14-к-да бийик чатырлуу монастырлар тургузула баштаган. О. кылымда ар кандай курулуштар, феодалдардын шаарларын ж-a резиденцияларын коргогон чептер, замоктор Франция, Германия, Испания, Чехия, Польша ж. б. Европа өлкөлөрүндө, Орто Азияда жана Закавказьеде,
Византия, Россия, Иран, Түркияда курулган. Кайра жаралуу доорунда көп бурчтуу (жылдыз сымал) мунаранын ордуна бастиондору бар крепосттор пайда боло баштаган. Архитектурада сыйынуучу имараттар өзүнчө зор курулуштардан болуп эсептелет. 8–10-к-да Ломбардия архитектурасы өнүгүп, базиликалардын кампанила деп аталган классикалык тиби пайда болгон (мис., Миландагы СантАмброжо чиркөөсүнүн түш. мунарасы, 9-к.), 11–13-к-да шаар куруу иши кеңири кулач жайган. Болонья, Сан-Жиминьяно өңдүү шаарларда чептер, мунаралуу таш үйлөр, Бергамо, Бреша сыяктуу шаарларда ратуша, соборлор курулган. Италиянын архитектурасында готика стили пайда болгон. Кайра жаралуу доорунун архитектурасында (15-к.) жаңыча өздөштүрүлгөн антикалык ордер системасы, имаратты ритмикалык жана структуралык уюштурууда (Пиенца шаарынын ансамбли, 1459, арх. Б. Росселино) негизги каражат болгон. 16–17-к-да Италия искусствосунда барокко стили калыптанып, 17-к-дын 60-ж. дүркүрөп өнүккөн. Бул Рим, Венеция, Туриндеги чиркөө курулушунан айкын көрүнөт. 19-к-да Италияда классицизм кеңири таран, Рим, Турин, Милан шаарларында көчөлөр менен аянттар классицизм духунда кайра курулган. 20-к-дын башында архитектурага модерн стилинин таасири тийген. 1950–60-ж. Италия архитектурасы дүркүрөп өсүп, жаңы курулуш
материалдары (темир, бетон, армоцемент ж. б.) колдонулган жана архитектуранын принцибинде жеке менчик виллалар курулган.
Араб архитектурасы менен искусствосу чоң өзгөчөлүккө ээ, жаңы үлгүдөгү үйлөр, мечиттер, медреселер, мунаралар салынган. 7-к-дын 1-жарымында Басрада (635), Куфта (638), Фустатта (640) курулган мечиттер алгачкы араб архитектурасына таандык. Ири шаарларда мунаралуу коргондор жана көркөм искусствонун шедеври – Альгамбра аксарайы курулган (13–15-к.). Колонналык типте салынган монументалдуу курулуштар Иран, Кавказ, Дамаск, Бухара, Багдад, Самаркан, Индия өлкөлөрүнүн архитектурасына таасир берген. Арабдардын архитектуралык курулушунда фатимиддик Каир мектеби белгилүү болгон. Неолит жана коло доорунда мегалит курулуштары Карнакта, ал эми темир доорундагы маданий эстеликтер Гальштатта (б. з. ч. 10-к.), Латенде (б. з. ч. 5-3-к.) сакталган. Франциянын шаарларында готика стили (12-к.) пайда болгон. Бул мезгилде эски шаарлар кайра курулуп, жаңы шаарлар өсүп чыгып, шаар соборлору коомдук имараттарга айланган. 15-к-да чоң терезелүү, ренессанс элементтери менен жасалгаланган үйлөр салынган. Франциянын готика скульптурасында адамдын ички сезимине, дене түзүлүшүнө кызыгуу күч алат. Ал эми готика живописи интерьерди (Шартрдагы собор витражы) ачык түстөр менен кооздойт. Кайра жаралуунун асем стили 15-к-дын 2-жарымындагы архитектурада калыптана баштайт. Бул мезгилде билимдүү
франц. арх. Н. Башефье, Ф. Делорм, П. Леско, Ж. А. Дюсерсо ж. б. өсүп чыгат. 19-кда темир жана айнектен бийик имараттар курула баштаган. Дүйнөдөгү эң бийик курулуш Париждеги Эйфель мунарасы (инж. Г. Эйфель) темир каркастар менен курулган. 20-к-дын башында Францияда шаар курулушуна өзгөчө көңүл бурулган. 1960–70-ж.
Парижде жана анын айланасында көптөгөн курулуштар курулган.Бул жылдары айрыкча Ле Корбюзье
курган курулуштар башка өлкөлөрдүн архитекторлорунун чыгармачылыгына кыйла таасирин тийгизген.
10–13-к-дын орто чени – Байыркы Русь маданиятынын гүлдөгөн доору. Таштан курулган кооз, бийик имараттар (чиркөө, монастырь, сарай) фреска, мозаика менен кооздолуп, икон өнөрү, китеп миниатюрасы жогорку деңгээлге көтөрүлгөн. Москва Кремли эменден (1339), кийин ак таштан (1367) курулган. 16-к-да Москвада чиркөөлөр (Коломенскидеги Вознесения чиркөөсү, Василий Блаженный храмы), Русь мамлекетинин ири борборлорунда (Новгород, Тула,
Коломна, Зарайск, Смоленск, Серпухов) кремлдер салынып, турак жайлар негизинен жыгачтан тургузулган. Русь архитектурасы жалпы Европа көркөм стиль системасында өнүгүп, 18-к-да барокко, классицизм пайда болгон. 18-к-да Русь мамлекетинин эң башкы милдети Санкт-Петербургду куруу эле. Шаардын жайгашышы жаратылыш ландшафтына байланыштырылып долбоорлонгон. Ошол убактагы барокконун чеберлери Б. Ф. Растрелли, С. И. Чевакинский, Д, В. Ухтомский иштешкен. 1830-ж. башында Санкт-Петербургда монументалдык ансамблдердин курулушу мүнөздүү. 19-к-дын ортосунда өкүм сүргөн классицизм архитектуранын бүт түрүнө жайылган. Бул мезгилде М. Ф. Казаков, А. Д. Захаров, К. И. Росси ж. б. атактуу архитекторлор чыгармачылык менен эмгектенген. 19-к-дын 2-жарымында Россияда капитализмдин өнүгүшү архитектура менен сүрөт өнөрүнө чоң таасир этип, жаңы курулуш материалдары (металл конструкциясы) өздөштүрүлгөн. Октябрь революциясынан кийинки беш жылдыктар убагында жаңы шаарлар өсүп чыкты. Архитекторлор сапаттуу, кооз курулуштарды (Москва метрополитени, Москва каналындагы көпүрө ж. б.) курушту. Байыртадан бери эле АКШ жергесинде индеец урууларынын маданияты өнүгүп келген. Шаарларда коомдук имараттар, чиркөөлөр тургузулуп, 19–20-к-дын ортосундагы курулуш техникасынын өнүгүшү асман тиреген имараттардын курулушуна шарт түздү. Америкадагы Чикаго мектебинин архитекторлор тобу асман тиреген бийик имараттын жаңы формасын жаратышты.
Арх. X. Ричардсон, Л. Салливен, Ф. Л. Райт ж. б-лар коомдук жана тех. жаңы шарттарга ылайык аракеттенишкен. Курулуштардын жаңы типтерин жараткан амер. архитекторлордун изденүүлөрү (Эро Сааринен, Л. Кан, М. Ямасаки, Мис Ван Дер Роэ) шаарлардын өнүгүшүнө өбөлгө болду. 19–20-к-дан Япониянын архитектурасында Европанын жана Американын таасири күчөп, ал эми 1950-ж-дан улуттук архитектура өз алдынча өнүккөн.
Кыргызстандын аймагындагы байыркы архитектуралык эстеликтер неолит доорунан башталат (Акүңкүрдөгү жаныбарлардын сүрөттөрү). Республиканын түштүгүндө топурак коргондор жана мунаралар менен курчалып, кыштан тургузулган курулуштарга бай Кош-Булак, Кара-Дарыя, Жаңы-Базар, Шоро-Башат (б. з. ч. 4-1-к.) шаар урандылары табылган. Монголдордун үстөмдүгүнө чейин Кыргызстандын аймагында отурукташкан жана көчмөн калктын маданияты катарлаш өнүккөн. 5-10-к-да көптөгөн чептер менен сепилдер курулуп, шаарлар өскөн. Бул шаарлардын дубал менен курчалган шахристаны (шаардын борбору) жана чыңдалган рабады (шаардын чет жакасында кол өнөрчүлүк
жайгашкан элдүү пункттары) болгон (Ош, Өзгөн,
Чаткал суусунун өрөөнүндө Күлбөскан, Чанчаркан, Уубулак ш-лары). Чүй өрөөнүндөгү алгачкы о. кьшым шаарлары (Токмоктун түштүгүндө
8 км аралыктагы Ак-Бешим, батышындагы
Кызыл-Суу ш-лары) мунаралуу дубалдар жана чоподон согулган (көп учурда кошумча түрдө үйүлүп жасалган) чеп алкагы менен бекемделип курчалган шахристандары менен айырмаланган. Kyрулуштар гервалактан жана кыштан тургузулуп,
чатырлары жаа түрүндө көтөрүлүп же жыгач
менен жалпак жабылган. Тянь-Шандан мунаралуу
пакса дубал (бийикт. 12 мге чейин) менен курчалган тик бурчтуу кеңири аянттар – түрк хандарынын ордолорунун калдыктары табылган.
Кырг-ндын бул мезгилдеги А-сы шаар куруу
чеберчилигинин О. Азиялык түрүнүн нугунда
өнүккөн. Акбешим шаар урандысынан 6-7-к-га
тиешелүү сепилдин калдыктары, анын шахристанынын чыгышынан 8-к-га таандык узун короолуу христиан чиркөөсүнүн урандылары табылган. Шаардын сыртында жайгашкан буддалык 2 храм да өтө кызыктуу. Алардан сүрөт
фрагменттери, скульптуралар, жасалга – колдонмо өнөрүнүн чыгармалары табылып, борборлорунун пландалышы Афганстан менен Чыгыш
Туркстандын диний курулуштарына окшош.
О. Азиянын алгачкы о. кылымдагы сепил
А-сына мүнөздүү болгон «бүктөмөлүү» дубалдар менен бекемделген кербенсарайлар (Манакелди суусунун жээгиндеги бурчтарына
мунара тургузулган
төрт чарчы Чалдовар
кербенсарайы, 8- же
10-к.) курулган. Кыргндын караханиддердин мусулман мамлекети доорундагы архрасында ислам динине байланыштуу бүткүл О. Азиялык зодчийлик үчүн жалпы
мүнөздүү монумент диний имараттарды -
мечит, мунара, күмбөздөрдү куруу жана алардын
иштерин өнүктүрүү аракеттери байкалат. О. Азиянын А-лык мурасында пайдубалы 8 кырдуу
жана өзү тегерек келип, бийиктеген сайын ичкерип олтурган, кирпич менен атайын кооздолуп кыналган алкактары бар, кирпичтен тургузулган
белгилүү 2 мунаранын: Бурана шаар урандысындагы Бурана мунарасынын (Акбешимдин түштүгүндө, 11-к-дын башы, ушул күнгө чейин сакталып калган, бийикт. 21,5 м) жана Өзгөндөгү
мунаранын (11-к., ушул күнгө чейин сакталып
калган, бийикт. 18,75 м, фонары 1923-ж. кошумча курулган) мааниси чоң. О. Азиялык зодчийликтин 11-12-к-дагы мыкты үлгүлөрүнүн ка-
тарына Өзгөндө
түрдүү мезгилдерде курулуп, бири
бирине туташ салынган 3 күмбөз
кирет. Андагы
төрт чарчы залы
жана башкы фасаддын көркөм жасалгасы портал
чамгарактуу мемориал-имараттын идеясын көрсөтөт. Күмбөздөрдүн (12-к.) кирпичтери оймо-чиймеленип,
көркөм кыналып жана о. эле оюу түшүрүлгөн,
сары-кызыл чопо менен кооздолгон; «ислими»
аттуу өтө кооз өсүмдүк арабескасы, «куфи» жана
«насх» жазуулары, өсүмдүктөрдүн, жылдыздардын каршы-терши оймо-чиймелери, чегилген сызыктардын татаал айкалыштары жана кирпичтен кыналган геом. оюулар – «гирихтер» кооздугу жана жасалгасынын чебердиги менен көз жоо-
сун алат. Кыргндын Каракоюн
суусунун жээгинде, Ат-Башыдан
80 км аралыкта
Жети-Суу менен
Кашкарды байланыштырган байыркы кербен жолунда жерг. башкаруучу Мухамед хан тургузган (1408-1415)
Таш-Рабат кербен сарайынын урандысы бар.
Тик бурчтуу бөлмөлөр комплекси, коридорлору, чамгарактуу залы бар (мечит болушу ыктымал) симметриялуу, чарчы пландагы бул имарат ганч аралашмасынан (гипс менен чопонун аралашмасы) курулуп, бул типтеги курулуштардан
айырмаланып, ички короосу жок. Башкы фасадда айчык сымал арканын эки капталында мунаралары бар. Сарай таш такталардан жөнөкөй
кыналып, терезесиз курулгандыктан, ал А-лык
жактан жупуну көрүнөт. Кырг-нды Кокон хандыгы басып алган 19-к-дын 20-30-ж-нда алар
ири сепилдерди тургузушкан. Кырг-ндын Pocсияга ыктыярдуу кошулушунан баштап шаар
куруу өркүндөгөн; Пишпек, Каракол, Токмокту
куруунун пландары долбоорлонгон. Пишпек
ш-н пландаштыруунун негизинде бири бири
менен тик бурчтуу кесилишкен көчөлөр курулуп,
алар майда кварталдарга бөлүнгөн. 20-к-дын ба-
шында Кырг-нда саман аралаштырылган чопо
же кыштан курулган үйлөрдөн турган 6 шаар
ж-a бир нече жумушчу посёлкалары болгон.
Кыргызстандын арх-расы ж-a шаар куруунун өнүгүшү революциядан кийинки мезгилде башталып, 30-жылдын аягына чейин созулган. Taрыхый шаарлардын (Ош, Өзгөн) өнүгүшү менен
катар жаңы өнөр жайлуу шаарлар пайда болду. жергиликтүү ж. б. архитекторлордун күчү менен кийин Жалал-Абад, Токмок, Балыкчы, Каракол,
Нарын, Ош, Өзгөн, Көк-Жаңгак, Талас ж. б.
шаарлардын генпландары иштелип чыккан.
1970-жылдарда жакшыртылган пландуу турак
үйлөр ж-a окуу жайларынын, кинотеатр ж. б.
маданий эс алуучу жайлардын имараттары курулду. 1984-ж. Фрунзеде алгачкы 16 кабат, андан соң 12 жана 18 кабат турак үйлөр тургузулган. Өнөр жай арх-расы ири масштабдагы курулмалар ж-a комплекстер менен толукталган. 80-
жылдардан тартып курулган объекттерге «Манас» аэропорту (1981), Улуттук коопсуздук кеңешинин (1994), «Бакыт үйүнүн» (1987), Батыш
автовокзалдын имараты, Жеңиш монументи»,
«Манас» скульптуралык тобу (1988) ж. б. кирет. «Манас ордосу» арх-ралык ансамбль (1995)
Манастын күмбөзү, музейи жайгашкан жерге
курулган. Улуттук арх-ранын салтына ылайык
салынган чайкана, мечит, адм. -чарбалык курулмалар жана чакан арх-ралык формалар да
бар. Респ-нын дээрлик бардык региондорунда ме
мориалдык күмбөздөр жана монументалдыкскульптуралык композициялар тургузулган.
Бишкекте фирмалардын 2000-жылдан кийин
курула баштаган офистери, менчик ар кандай
курулуштар, мейманканалар, өкүлчүлүктүн резиденциялары шаар түрүн өзгөртүү менен башкача көрк берип турат, к. Бишкек архитектурам.
Ад.: Омуралиев Д. Краткая история архитектуры
Кыргызстана. Б., 2003; Всеобщая история архитектуры. Т.1-12. М., Стройиздат, 1969; Мастера архитектуры об архитектуре. М., Искусство, 1972; Иконников А. В. Функция, форма и образ в архитектуре.
М., Стройиздат, 1986.
Д. Өмуралиев, М. Карыбекова, Н. Жылдызова.