АБДРАИМОВ Самудин

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДРАИМОВ Самудин (1944-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Отуз-Уул айылы) – электрмеханик, техника илимдеринин доктору (1988), профессор

АБДРАИМОВ 623.png

(1989) , КРдин УИАнын корреспондент- мүчөсү (2000), КРнын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу (1983). ФПИни (1971) жан a ошол эле жерде аспирантураны бүтүргөн. КРдин ИАнын инженери, илимий кызматкер, лаборатория башчысы, Машина таануу ин-тунун директору (1993–95), КРдин инженердик академиясынын президенти (1991-жылдан), Кыргыз тоо кен-металлургия институтунда кафедра башчы. 290дон ашык илимий эмгеги, анын ичинде 10 монографиясы жарык көргөн, 87 ойлоп табуунун, 16 патенттин ээси. Ил. эмгектери негизинен өзгөрүлмө структурадагы механизмдер жан a тоо кен машиналарын түзүүгө, өркүндөтүүгө арналган.
Эмг.: Шарнирно-рычажные механизмы переменной структуры. Б., 1993; Построение механизмов пере менной структуры и исследование их динамики (ДСП). Ф„ 1990.