«АКЖАЛГА»
Jump to navigation
Jump to search
"АКЖАЛГА" – ачык акционердик коом. 1994‑жылы Жети‑Өгүз районунун Кызыл‑Суу айылындагы сыр заводунун (Караколдогу эт комбинатынын филиалы) базасында уюшулган. Сыр өндүрүү боюнча з‑д Кыргызстанда алдыңкы орунда. Анын өндүрүмү республикадан сырткары да Казакстанга, Россияга жөнөтүлөт. Материалдык‑техникалык базасынын өнүгүшүнүн натыйжасында 1998‑жылдан тартып сыр өндүрүү көбөйдү, 2003‑жылга карата сыр чыгаруу 780 миң тоннага жеткен. Андан тышкары сүт продуктылары, балмуздактар чыгарылат.