АБДЫЛДАЕВ Табылды

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБДЫЛДАЕВ Табылды (2. 3. 1932, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Бостери айылы - 17. 10. 2000, Бишкек) - философия илимдеринин доктору (1968), проф. (1969). 1952-жылы КРдин ИАнын корреспондент мүчөсү (1989).

АБДЫЛДАЕВ 443.png

1956-ж. КМУну бүтүрүп, ошол эле жерде окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1966-88-жылдары КММИнин философия кафедрасынын башчысы, 1988-2000-жылдары КР ИАнын философия жана укук институтунда бөлүм башчы болуп иштеген. Адам экологиясынын философиялык маселелери боюнча адис. Анын илимий эмгектери негизинен биологиялык түр жана түрдүн келип чыгышынын методологиялык проблемаларына арналган. Абдылдаевдин изилдөөлөрү илимдин өнүгүшүнүн перспективалуу багыты, б. а. азыркы мезгилдин кеңири экологиялык проблемалары менен тыгыз байланышкан. Ал Бишкек шаарындагы философтордун илимий эмгектеринин жогорку окуу жайлар аралык тематикалык жыйнагын чыгарууну уюштурган. Анын жетекчилиги, редакциялоосу менен КММИнин философия кафедрасынын жана экология боюнча бөлүмдүн кызматкерлеринин коллективдүү монографиясы, 8 илимий эмгек чыккан. 70тей илимий эмгектин (анын ичинде 12 монография) автору.
Эмг.: Философские вопросы о виде. Ф., 1966; Понятие «вид» в современной биологии. Ф., 1971; Соотношение различных тенденций в исследовании уровней организации живой природы. Ф., 1975; Причинно-следственные связи во взаимоотношении общества и природы (в соавторстве) Ф., 1986.