АБДЫБЕКОВ Садырбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:10, 9 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫБЕКОВ Садырбек (1871, Ысык-Көл обл.,Ысык-Көл р-ну, Тору-Айгыр айылы – 1950, Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну, Жол-Колот айылы) – мергенчи, натуралист, саякатчы, тилмеч. 18-к-дын аягынан тартып орус (А. А. Куценко, 1901; В. Н. Шнитников ж. б.) жана чет өлкөлүк (Д. Алмаши, 1900; Г. Мерцбахер, 1902-03; Д. Принц, 1906 ж. б.) ил. экспедицияларга катышкан. Алар менен Теңир-Тоонун Күнгөй–Тескей, Сары-Жаз, Көөлү, Арпа, Суусамыр, Балгарт ж. б. көп жерлерин (1890–1943), Иле өрөөнүн (1909, 1912-13), Балкаш көлүнүн жээктерин (1913), Жунгар тоолору менен Ала-Көлдү (1914), Күнөс, Текес, Борохорону (1916-21) ж. б. жерлерди кыдырып чыгып, Россиянын (Москва, Петербург) жана чет өлкөлөрдүн (Будапешт, Лондон, Мюнхен ж. б.) бир топ музейлерин көп сандаган коллекциялар менен жабдыган. Кырг-нда мамл. аңчылыкты уюштуруучулардын бири. Аңчылар союзунун башкармасына шайланган. 1930-жылдан баштап Пржевальскидеги чумага каршы станциянын ил. кызматкери катары бир нече экспедицияга катышкан. Фрунзедеги (1926) жана Пржевальскидеги (1928–29) мекен таануу музейлерин уюштурууга катышып, аларга өзү даярдаган коллекцияларын берген. Кыргыз жергесин, анын табиятын, өзгөчө айбанаттарын жакшы билген.