АБАКИРОВ Сабыр
Jump to navigation
Jump to search
АБАКИРОВ Сабыр (1920-жылы туулган, Нарын областы, Кочкор району, Фрунзе атындагы колхоз) — малчы, Кыргыз ССРинин илим жанa техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1974). 1935-жылдан Тянь-Шань районундагы № 53 жылкы заводунда (кийин Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясы) чабандын жардамчысы, баш чабан, 1967-78-жылдары Улакол бөлүмүнүн башчысы, 1979-80-жылдары асыл тукум кой өстүрүү бригадасынын бригадири. Бригада 1979-жылы ар жүз тубар койдон 120дан козу, 4,6 килограммдан жүн кыркып алган. «Тянь-Шань коюн» чыгаргандардын бири. Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.