АМАНБАЕВ Алдаберген

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:43, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМАНБАЕВ Алдаберген [1927, Талас обл., Киров (азыркы Кара-Буура) р-ну, Суулу-Маймак айылы – 1975, ошол эле жерде] – малчы, Соц. Эмг. Баатыры (1971). Кыргыз ССРинин эмг. сиңирген

АМАНБАЕВ 2 32.png

малчысы (1974). Эмгек жолун 1945-ж. Талас обл-нун Киров р-нундагы «Россия» колхозунда колхозчу болуп иштөөдөн баштап, 1947- жылдан өмүрүнүн акырына чейин баш чабан болуп эмгектенген. Мал чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1970-ж. ар жүз тубар койдон 155тен козу алып, чыгашасыз асыраган, ар койдон 5 кг жүн кыркып алган. 1975-80-ж. Кыргыз ССР ЖСнын депутаты. Эки Ленин ордени ж. б. ордендер менен сыйланган.