АЛЬБИТОФИР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:23, 27 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬБИТОФИР, кератофир – структуралык түзүлүшү порфир сымал эффузивдүү тоотек. Альбитофирдин порфирдик бүртүкчөлөрү жанa майда кристаллдарынын көпчүлүгү альбиттен турат. Трахит жана андезит лаваларынын метаморфизмделишинен пайда болот. Байыркы эффузивдердин арасында дайка, кичине интрузия, майда шток түрүндө кездешет. Альбитофир көбүнчө имараттардын дубалын кооздоо үчүн пайдаланылат.