АЛЬБЕРТА КӨМҮРЛҮҮ БАССЕЙНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:48, 21 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЬБЕРТА КӨМҮРЛҮҮ БАССЕЙНИ – Канададагы көмүр катмарлары жаткан ири аймак. Аянты 250 миң кмден ашат. Көмүрдүн жалпы запасы 220 млрд т, анын ичинде чалгындалганы 40 млрд т. 1960-жылдан казып алынууда. Аскалуу тоонун түндүк бөлүгүндө Альберта алдыңкы ийилүүсүндө жатат. Көмүр бор мезгилинин астыңкы (калыңдыгы 115 м болгон 65 катмар) жана үстүнкү (калыңдыгы 12 м болгон 14 катмар), ошондой эле палеоген мезгилинин (калыңдыгы 3 м болгон 5 катмар) чөкмө тоо тек катмарларында жатат. Аймактын батышы таш көмүрдөн, анын ичинде кокстолуучу көмүрдөн, ошондой эле антрациттен, чыгышы күрөң көмүрдөн турат. Көмүр аз күлдүү (69%), күкүртү аз (0,3%), жылуулук берүү энергиясы 2530 МДж/кг. Көмүр энергетикада жана металлургияда пайдаланылат. Кокстолуучу көмүрдүн бир тобу Япония, Түштүк Корея, Кытай, Индия ж. б. өлкөлөргө экспорттолот. Бассейндин аймагынан, ошондой эле нефть, күйүүчү газ, күкүрт кендери казып алынат.