АЛА-АРЧА КАПЧЫГАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:49, 1 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛА-АРЧА КАПЧЫГАЙЫ Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, Бишкек шаарынын түштүк тарабында (35 км). Түбөлүк кар зонасынан (3800 м бийиктиктен) башталып, Байтик өрөөнүнө (1600 м) чыгат. Узундугу 30 км, туурасы 7 км. Капчыгай негизинен палеозойдун башында пайда болгон сланец, кумдук, конгломерат, гранит жана гранит-диорит тоо тектеринен түзүлгөн. Рельефи жана генезистик тиби боюнча капчыгай экиге бөлүнөт. Жогорку 14 кмге чейинки аралыгы кууш, тик капталдуу (40‒45°), тереӊ (800 мге чейин), нугу тепши сымал. Ал төртүнчүлүк мезгилдеги мөӊгүлөрдүн эрозиялык аракеттеринин натыйжасында пайда болуп, альп, субальп шалбаалары менен капталган. Төмөнкү бөлүгүнүн таманы жайык келип (300‒500 м), тик капталдуу (30‒40°), тереӊдиги 300‒400 м. Бул жерде карагай, арча, бадалдуу шалбаа өсөт. Капчыгай аркылуу Ала-Арча суусу агат. Капчыгайда альпинисттик лагерь (2000 м бийиктикте) жайгашкан. Бишкек шаарынан альплагерге чейин асфальт жол курулган. Капчыгай ‒ Бишкек калкынын эс алуу жайларынын бири. Мында 1976-ж. аймактын табиятын сактоо максатында Ала-Арча улуттук табият паркы уюшулган.