АКИНО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:42, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКИНО Корасон (25. 1. 1933, Паники, Тарлак провинциясы, Филиппин – 1. 8. 2009, ошол эле жерде) – Филиппиндин президенти (1986–92); өлкөнүн тарыхында аялдардан чыккан би­ринчи президент. Аймактагы тектүү Кохуанг­конун тукумдарынан. Филиппиндин мамлекеттик жана саясий ишмери, сенатор Акино Бенингонун (1932–83) жубайы. 1986‑ж. февраль айында Манил шаарындагы Ф. Маркостун диктатурасына каршы чыгып, анын кулашына алып келген массалык акциялардын натыйжасында бийлик­ке келген. 1987‑жылы демократиялык конституция (азыр­кы күндө да күчүндө) кабыл алынган. Башка­руунун алгачкы жылдары Акино «диктатуранын курмандыгы, демократиянын сактоочусу» ката­ры белгилүү болгон. Экономиканы модерниза­циялоо, жакырчылыкка жана коррупцияга кар­шы күрөшкө багытталган иш‑чараларды жүр­гүзгөн. Башкаруу элитасынын жана оппозиция­нын ич ара карама‑каршылыктарынын күчө­шүнөн улам анын жүргүзгөн саясаты натыйжа­луу болгон эмес. Буга карабастан Акино мөөнөтү аяк­таганча мамлекетти башкарып, бийликти демократиялык жол менен жаңы президентке өткөрүп берген.