АКАЕВ Кубаныч

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:01, 13 Июль (Теке) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКАЕВ Кубаныч (7. 9. 1919-жыл, Чүй облусу, Кемин району, Кызыл‑Суу айылы – 19. 5. 1982-жыл, Бишкек шаары) ­акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген кызматкер (1979). Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн (1939). 1939–1941‑жылдары «Кызыл Кыргызстан», «Кыр­гызстан пионери» гезиттеринин, республикалык «Адабият жана искусство» журналынын адабий кызмат­кери, 1942–1947‑жылдары Кыргыз радиосунда адабий­ драма бөлүмүнүн жооптуу редактору, Бишкек­ шаарындагы хроника‑даректүү фильмдер студиясында башкы редактор, 1947–1952‑жылдары Кыргызмамбастын көркөм адабият редакциясында редактор болуп иштеген. 1938‑жылдан баштап ырлары республикалык гезит‑жур­налдарга чыга баштаган. Жыйнактары: «Жы­лаажын» (1941), «Тоо ыры» (1942), «Салют» (1943), «Бакыт жөнүндө баян» (1945), «Эмгек шаңы» (1950), «Сүйүү жана мара» (1958), «Ба­кыт гимни» (1960), «Өлбөстөр баяны» (1964), «Турмуш дастаны» (1967), «Сүйүү жарыгы» (1969), «Кыял канаты» (1971), «Ырым – адам», «Кубаныч» (1979), «Майрам» (1981), «Жүрөк күүсү» (1983) жана башкалар. Анын поэзиясына атуулдук публицистикалык бийик маанай мүнөздүү. Акын­дын бир нече жыйнактары орусчага которулуп басылган. «Ардак Белгиси» ордени жана медал­дар менен сыйланган.