АК КОДОЛ
Jump to navigation
Jump to search
АК КОДОЛ (Aconitum rotundifolium) – байчечекейлер тукумунун уу коргошун уруусундагы көп жылдык өсүмдүк. Тамыры эки бөлөк жумуру түймөк. Сабагынын бийиктиги 7‑35 смге жетет, тармалданган түк менен жыш капталган, жалбырактары 5‑7 бөлүккө бөлүнгөн, түксүз, саптуу; топ гүлү чачы, гүлдөрү көгүш кызыл. Бийик тоодогу жайлоолордо кездешет. Борбордук Азия, Жунгар Ала‑Тоосу, Кытайдын бийик тоолорунда таралган.