АК-ТУРПАК СЕЛЕНИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:37, 30 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ТУРПАК СЕЛЕНИТ КЕНИ Баткен облусунун Кадамжай районунда, Ак-Турпак кыштагынан 3 км түштүктө, Сох өрөөнүндө. Кен аймагын палеоген мезгилинде пайда болгон кызыл түстүү карбонаттуу чөгүндүлөр түзөт. Кен чопо, аргиллит тектеринде «карст» процессинен пайда болгон Ак-Турпак үӊкүрүндө жайгашкан. Аргиллит жана селенит катмарлары тик жайгашып, үӊкүрдү бойлой батыштан чыгышка карай кетет. Селенит катмарлары кызыл (үӊкүрдүн түштүк бөлүгүндө) жана боз (үӊкүрдүн түндүк бөлүгүндө) аргиллиттер менен кезектешип жатат. Ал 5‒20 см калыӊдыктагы кабатча жана линза түрүндө кездешет. Өӊү кызгылт, агыш, тунук ак. Селенит нык, жибектей жалтырайт. Андан кооз буюмдарды жасоого болот.