АК-ТЕРЕК КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:34, 30 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ТЕРЕК КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Ош облусунун Кара-Суу районунда, Ош шаарынан 7 км түштүк-батышта, Ош ‒ Ноокат жолунун боюнда, Жапалак кыштагынан 3 км түштүк тарапта. 1965‒73-жж. геологиялык чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен неоген-төртүнчүлүк мезгилдин башталышында пайда болгон борпоӊ кум-шагыл чөгүндүлөрүнөн турат. Кесек фракциялар начар жумуруланган, иргелбеген, жалпак формадагысы арбын (11,5‒14,6%), чопо бөлүкчөлөрү 14%. Кум ири бүртүкчөлүү, кесектик модулу 12%, органикалык кошундулар жана слюда жок. Кум-шагылды бетон даярдоого жана жол курулушунда пайдаланса болот. Запасы А+В‒2213 миӊ м3, С1‒7866 миӊ м3, А+В+С1‒10079 миӊ м3.