АК-ТЕРЕК-КАБА ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:29, 30 Август (Баш оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ТЕРЕК–КАБА ӨРӨӨНҮ Түштүк Кыргызстанда. Базар-Коргон районунун аймагында. Кара-Үӊкүр суусунун оӊ куймасынын өрөөнүн ээлейт. Бабаш-Ата кырка тоосунун түштүк этегинде, түндүктөн түштүктү карай 32 кмге созулуп жатат. Туурасы 3‒4 км. Деӊиз деӊгээлинен бийиктиги 1600‒1800 м. Өрөөн жалпы жонунан V формасында болуп, тектоникалык кыймылдан жана эрозиядан пайда болгон. Өрөөн аркылуу 16 км өйдө карай этек тоолуу рельеф басымдуулук кылат. Сол жагында байыркы денудациялык түздүктөр бар. Улам жогорулаганда өрөөн куушурулат. Кыска жана тереӊ кокту-колоттор, кургак сайлар көп. Таманы кууш; эки тектир даана байкалат. Суу жээктери тик жардуу, жогору жагы аскалуу. Тоо беттерине борчук аскалар мүнөздүү. Төмөн жагы неогендин, төрү палеозойдун кумдук, чопо, акиташ тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик. Июлдун орточо температурасы 20,1°С, январдыкы ‒2,6°С. Жылдык орточо жаан-чачыны 901 мм. Өрөөн аркылуу Каба (сол куймасы ‒ Ак-Терек) суусу агат. Өрөөндүн ландшафты өтө кооз. Суу жээгиндеги жайылмаларда тал, терек, долоно, четин, шилби, ит мурун ж. б., тоо капталдарында мисте өсөт. Улам жогорулаган сайын мисте, ак чечектүү токой түнт мөмө-жемиш жана жаӊгак токою менен алмашат. Жаӊгак токоюнун арасында жапайы алма, алмурут, алчанын 3 түрү, карагат, айвансари, бүлдүркөн сыяктуу жер-жемиштер, ошондой эле долоно, ак чечек, ак кайыӊ, четин, ыргай, шилби, ит мурун, табылгы ж. б. өсөт. Өрөөндө Өзбек-Каба, Кыргыз-Каба, Жай-Терек кыштагы жана КР УИАнын Биология институтунун байкоо жүргүзүүчү пункту бар.