АЙЫЛ ӨКМӨТҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:38, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ӨКМӨТҮ, айыл аймагы – өз бийлик‑укуктарынын чегинде жергиликтүү коомчулук­тун ишмердүүлүгүн жанa жашоо‑тиричиликти камсыз кылууну башкарууну ишке ашыруучу айылдык жанa шаарча кеңештердин алдындагы аткаруучу‑тескөөчү орган. Айыл өкмөтү өзүнүн иш­мердүүлүгү боюнча айылдык же шаарча кеңешке, ал эми өткөрүп берилген мамлекеттик бийлик‑укук­тар боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына жоопкерчиликтүү. Айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү эл тарабынан төрт жылга шайланат. Айыл өкмөтү укук абалы жагынан мамлекеттик башкарууга тийиштүү, бирок мамлекеттик башкаруу чөйрөсүнөн тышкары функцияларды да аткара алат. Кыргызстанда 453 Айыл аймагы бар, анын ичинде Чүй облусунда 105, Ошто 88, Жалал‑Абадда 68, Нарында 63, Ысык‑Көлдө 61, Таласта 37 жана Баткенде 31 (2019).
А. Бекбосун кызы.